Кыргызстанда Көчмөн цивилизациясынын борбору түзүлөт

Жазылуу
Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия өкмөттөрү тарабынан түзүлүп жаткан Көчмөн цивилизациясынын борбору негизинен көчмөн мурастарын жана анын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымын изилдөө, көчмөн маданиятын жайылтуу аракеттерин көрөт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстанда Көчмөн цивилизациясынын борбору түзүлө турганын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-сентябрда Астана шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинде тийиштүү документтерге аталган өлкөлөрдүн Тышкы иштери министрлери кол койду. 

"Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия өкмөттөрү тарабынан түзүлүп жаткан Көчмөн цивилизациясынын борбору спорттук иш-чараларды уюштуруу жана көчмөн маданиятынын салттуу мурастарын жайылтуу аркылуу түрк элдери менен башка мамлекеттердин ортосундагы жылуу мамиле жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Борбор негизинен көчмөн мурастарын жана анын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымын изилдөө, көчмөн маданиятын жайылтуу аракеттерин көрөт.

Мындан тышкары, ТИМдин маалыматы боюнча, борбордун алдында этнографиялык музей түзүп, эл аралык деңгээлде улуттук жана көчмөн оюндарын уюштуруу каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0