"Курманжан датка" Казанда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге ээ болду

© пресс-служба киностудии "Айтыш-фильм"Баш байгени калыстар тобунун төрагасы, режиссер жана актер Владимир Меньшов тапшырды.
Баш байгени калыстар тобунун төрагасы, режиссер жана актер Владимир Меньшов тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш байгени калыстар тобунун төрагасы, режиссер жана актер Владимир Меньшов тапшырды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы Казань шаарында өткөн мусулман киносунун XI Эл аралык фестивалында баш байгеге татыганын Кинематография департаменти билдирет.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан "Киношок" эл аралык фестивалына "Курманжан датка" менен "Сүтак" барат
Маалыматка ылайык, кинофестиваль 5-11-сентябрь күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандан "Курманжан датка" тасмасы менен аталган департаменттин директору Мукталы Бектеналиев барган. 

Фестивалдын салтанаттуу жабылышы Галиаскар Камал атындагы татар театрында болуп, катышуучулардын кызыл килемден өтүү аземи менен коштолду. 

Баш байгени калыстар тобунун төрагасы, режиссер жана актер Владимир Меньшов тапшырды.

"Курманжан датка" тарбиялык мааниси зор тасма болуптур. Кыргызстан өтө бай өлкө болбогону менен, көптүн колунан келбеген фильм тартылган. Тасманы көргөндөн кийин Кыргызстанга кызыгуум пайда болду", — деди Меньшов.

Эскерте кетсек, "Курманжан датка" тарыхый тасмасы Анапа шаарында 13-20-сентябрга чейин өтө турган "Киношок" кинофестивалында популярдуу тасма, катары "Аянттагы кино" бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0