"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалы Чыңгыз Айтматовго арналат

© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган фестиваль эки — эл аралык жана улуттук программа боюнча өтөт. Мында фильмдер оюн киносу, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык тасма багыттары боюнча бааланат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-15-декабрь күндөрү КМШ, Балтия жана Грузия мамлекеттеринин катышуусу менен "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аттуу V Эл аралык кинофестиваль өтө турганын "Айтыш-фильм" киностудиясы билдирди.

"Курманжан датка" Казанда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге ээ болду
Маалыматка ылайык, учурда фестивалга катышуучулардын билдирүүлөрү www.kyrgyzshortfilm.org расмий сайтында 1-ноябрга чейин кабыл алынат. 

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган фестиваль эки — эл аралык жана улуттук программа боюнча өтөт. Мында фильмдер оюн киносу, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык тасма багыттары боюнча бааланат.

"Фестивалдын эл аралык программасына Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Армения, Азербайжан, Грузия, Россия, Эстония, Украина, Латвия, Белоруссия, Молдова, Түркмөнстан, жана Литва мамлекеттеринен 15 тасма катышат. Улуттук программа үчүн кыргызстандык 10 кыска метраждуу тасма тандап алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эл аралык кинофестивалдын жыйынтыгы менен "Мыкты фильм", "Мыкты режиссура", "Калыстардын атайын байгеси" жана "Көрөрмандардын тандоосу" сыяктуу номинациялар боюнча акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Иш-чаранын ачылуу жана жабылуу аземдери "Манас" кинотеатрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0