Жусуп Баласагындын миң сомдогу сүрөтү. Архив

Бишкекте Жусуп Баласагындын миң жылдыгына арналган эл аралык конференция башталды

130
(жаңыланган 12:02 18.09.2015)
Илимий иш-чарага кыргызстандык окумуштуулардан сырткары, чет өлкөлүк белгилүү кыргыз таануучу, түрколог, археолог, этнологдору катышып жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Кыргыз жана Карахандар каганаттары: Куттуу билим жана мамлекет" аттуу IV эл аралык илимий–тажрыйбалык жыйын башталды.

Аалым Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган илимий иш-чарага кыргызстандык окумуштуулардан сырткары, чет өлкөлүк белгилүү кыргыз таануучу, түрколог, археолог, этнолог ж.б. окумуштуулар катышып жатат.

Буга Россиядан археолог, кыргыз таануучу, профессор Юлий Худяков, Хакасиядан профессор Виктор (Астайбег) Бутанаев, Казакстандан Тарыхчылар ассоциациясынын президенти, профессор Мамбет Койгелдиев, Кытайдын Үрүмчү шаарынан доктор, профессор Мамбеттурду Мамбетакун, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат шаарынан манастаануучу Токтонур Аамат сыяктуу бир топ илимпоздор чакырылган.

"Жыл сайын ырааттуу өткөрүлүп келген Кыргыз каганаты, Карахандар каганаты жана башка түрк мамлекеттеринин тарыхына, археологиясына, этнографиясына жана маданиятына арналган эл аралык илимий жыйындардын төртүнчүсү. Бул илимий иш-чара кыргыз таануу, түркология, чыгыш таануу, археология, этнография, фольклор таануу жаатында изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын соңку жылдардагы жаңы илимий табылгаларды илимий чөйрөгө киргизүүсү, баарлашуусу. Ал келечектеги орток илимий кызматташтык долбоорлорун түзүүсү үчүн өтө маанилүү мүмкүнчүлүктөр жаратып келет", — билдиришти илимий конференция өтүп жаткан Улуттук университеттен. 

Быйылкы илимий жыйын Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналып өтүп жаткандыгын, келээрки жылы бир катар мамлекеттерде өткөрүлө турган башка да эл аралык симпозиумдарга камылга көрүү маселеси талкууланарын кошумча билдиришти.

130
Белгилер:
Жусуп Баласагын, Юлий Худяков, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтонур Аамат, 1000 жылдык
Тема боюнча
Жусуп Баласагындын "Куттуу билими" бир нече чет тилдерине которулмакчы
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди

Аксыда Ниязаалы Борошев менен жазуучу Касымбековдун мааракеси өтүүдө. Сүрөт

101
Атактуу комузчу Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы менен белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы кичи мекенинде өтүп жатат. 

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди. 

  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
1 / 4
© Фото / Темирлан Нурманбетов
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди

Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө.

"Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду. Ага облустун аткаминерлери, өлкөдөгү маданий ишмерлер, окумуштуу-изилдөөчүлөр катышты”, — деп жазылат билдирүүдө. 

Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 

Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген. Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.  Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча улуттар аралык парламенттик комиссиясын жетектеген. Ал 2011-жылы 80 жашында көз жумган. 

Ырчы, комузчу, элдик күүлөрдүн чебери Ниязаалы Борошев 1856-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ал — залкар комузчу жана аткаруучу. Борошевдин  башкалардан өзгөчөлүгү — комузда кол ойнотуп, күү арасында ыр кошуп куудулданып аткарган. Анын "Арсар күү", "Мырза кербез", "Ниязаалынын камбаркан", "Кер толгоо", "Кара өзгөй" өңдүү күүлөрү кыргыз күү өнөрүнүн казынасын байыткан. 

101
Белгилер:
Аксы, Төлөгөн Касымбеков, маараке, жазуучу
Тема боюнча
Бишкекте Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет
Тарых сабактары эсинде, элге умтулат... Жапаровдун маалымат жыйынын талдоо
Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко. Архив

Карап эле тургуң келет! Чимириле бийлеген Валентина Шевченконун видеосу

510
(жаңыланган 13:24 25.10.2021)
Спортчунун бийи менен кыймылына таң калган интернет-колдонуучулар видеону бир сутка ичинде 64 миң жолу көрүштү.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко Instagram тармагындагы баракчасына чимириле испан бийин бийлеп жаткан видеосун жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

"Тасма тартуу аянтчасындагы импровизация", — деп жазды өзү видеонун сүрөттөмөсүнө.

Ошондой эле ал АКШнын Остин шаарында экенин белгилеген. Бийи менен кыймылына таң калган интернет-колдонуучулар видеону бир сутка ичинде 64 миң жолу көрүштү.

Спортчу буга чейин дагы бийдин бир нече түрүн аткарып, видеолорду жарыялап жүргөн. Мушкер маектеринде бала чагынан эле апасы назиктигин жоготпосун деп спорт менен биргеликте бийге алып барганын айтып келет.

510
Белгилер:
Валентина Шевченко, бий, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады
Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди
Биздин сулуу! Шевченконун жаңы образдагы сүрөттөрү суктандырууда
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу