Октябрдын башында Миңжылкиев атындагы фестиваль өтөт

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүСССРдин эл артисти, опера ырчысы Болот Миңжылкиев. Архив
СССРдин эл артисти, опера ырчысы Болот Миңжылкиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын музыка сүйүүчүлөрү Россиянын Мамлекеттик академиялык Мариин театрынын, Мамлекеттик академиялык Чоң театрдын, Москва музыкалык театрынын опера жылдыздарынын концертин көрөт.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында СССРдин эл артисти, опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин 75 жылдыгына карата Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын сахнасында жети күндүк эл аралык фестиваль өтөт. Аны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурууда. 

Музыка майрамы "Опера искусствосунун Болот Миңжылкиев атындагы экинчи эл аралык фестивалы" деп аталат. 

Оперный певец Булат Минжилкиев - Sputnik Кыргызстан
Болот Миңжылкиевдин бюсту Санкт-Петербургдагы Мариин театрына коюлду
4-11-октябрдагы фестивалда бир нече опералык чыгармалар коюлуп, башкы партияларды кыргызстандык артисттерден сырткары, Россиянын, Татарстандын жана Түндүк-Осетия-Алания Республикасынын атактуу ырчылары аткарат. Алардын катарында Мамлекеттик академиялык Мариин театрынын, Мамлекеттик академиялык Чоң театрдын, Москва музыкалык театрынын опера жылдыздары бар. 

Ал эми 11-сентябрда өтө турган жыйынтыктоочу концертте жогорудагы өлкөлөрдөн сырткары Казакстандын, Тажикстандын, Түркиянын атактуу артисттери ырдашат. 

2015-жылы Болот Миңжылкиевдин туулгандыгына 75 жыл болот. Артис көптөгөн өлкөлөрдүн театр сахналарында кайталангыс жагымдуу үнү менен миллиондогон угуучулардын алкоосуна арзыган. СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, бир нече орден, медалдардын ээси, КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0