Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү "Раззаков" тасмасын көрүштү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана аппараттын бардык кызматкерлери белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр жолун баяндаган көркөм тасмасы көрүштү.
Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана аппараттын бардык кызматкерлери белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр жолун баяндаган көркөм тасмасы көрүштү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьердин маалымат катчысынын билдиргенине караганда, мамлекеттик ишмер туурасында тасманы 300гө чукул мамлекеттик кызматкер көрдү.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана аппараттын бардык кызматкерлери белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр жолун баяндаган көркөм тасмасы көрүштү. Бул туурасында премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. 

"Исхак Раззаковдун мамлекеттик ишмер катары баарыбызга үлгү болушу керектигин айткан өкмөт башчысы Сариев, бардык мамлекеттик кызматкерлер тасманы көрүшүн демилгелеген", — деди Асанов.

Анын айтымында, баш-аягы болуп тасманы 300гө чукул мамлекеттик кызматкер көрдү. 

Жеке тараптар тарткан бул тасмада алар мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр жолун, өлкөнү өнүктүрүү жылдарындагы маанилүү учурларын баядап берүүгө аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0