Ноо театрынын актерлору бишкектиктерге япон пьесаларын тартуулады

© Sputnik / Табылды КадырбековНоо театрынын актеру саханда. Архив
Ноо театрынын актеру саханда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кыргыз жана япон элдеринин өз ара достук мамилелерин өнүктүрүү маанилүү экендигин айтты.

БИШКЕК, 19-сен. – Sputnik. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында Ноо Нобору Кацуми театрынын бет капчан актерлору үнсүз кыймылдары менен Күн Чыгыш өлкөсүнүн сырдуу театр өнөрүн көрсөттү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Улуттук консерваториясында Ноо Нобору Кацуми театрынын бет капчан актерлору үнсүз кыймылдары менен Күн Чыгыш өлкөсүнүн сырдуу театр өнөрүн көрсөттү.
1/4
Кыргыз Улуттук консерваториясында Ноо Нобору Кацуми театрынын бет капчан актерлору үнсүз кыймылдары менен Күн Чыгыш өлкөсүнүн сырдуу театр өнөрүн көрсөттү.
© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов келгендерди куттуктап, көрсөттүүнү ачып берди.
2/4
Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов келгендерди куттуктап, көрсөттүүнү ачып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековАктерлор Ноо театрынын белгилүү болгон сценараларынан ойноп беришти.
3/4
Актерлор Ноо театрынын белгилүү болгон сценараларынан ойноп беришти.
© Sputnik / Табылды КадырбековНоо – япониядагы эң байыркы делген театрлардын бири, анын тамыры XIV кылымга барып такалат.
4/4
Ноо – япониядагы эң байыркы делген театрлардын бири, анын тамыры XIV кылымга барып такалат.
1/4
Кыргыз Улуттук консерваториясында Ноо Нобору Кацуми театрынын бет капчан актерлору үнсүз кыймылдары менен Күн Чыгыш өлкөсүнүн сырдуу театр өнөрүн көрсөттү.
2/4
Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов келгендерди куттуктап, көрсөттүүнү ачып берди.
3/4
Актерлор Ноо театрынын белгилүү болгон сценараларынан ойноп беришти.
4/4
Ноо – япониядагы эң байыркы делген театрлардын бири, анын тамыры XIV кылымга барып такалат.

Анын ачып жатып сүйлөгөн маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов келгендерди куттуктап, маданият жана искусство жаатында, дегеле, кыргыз жана япон элдеринин өз ара достук мамилелерин өнүктүрүү маанилүү экендигин айтты. 

"Бүгүн маданият аралык диалог жана гумантардык багыттагы биздин байланыштарыбыз өлкөлөр аралык кызматташуубузга жаңы өңүттү тартуулап жатат", — деди министр.

Япон ырчысы кыргызча ырына аниме стилинде клип тартты
Кыргыз Улуттук консерваториясынын сахнасында актерлор Ноо театрынын белгилүү болгон сценараларынан ойноп беришти. Кыргызстандыктар "Периштенин " ("Хагоромо"), "Ааламдын бийи" ("Учюно Май") жана "Кайыктагы Бэнкэй" ("Фуна Бэнкэй") пьсаларын көрө алышты.

Ноо – япониядагы эң байыркы делген театрлардын бири, анын тамыры XIV кылымга барып такалат. Ал ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0