Эл аралык кинофестивалга барган "Такси жана телефон" атайы байгеге татыды

© flickr.com / Nic McPheeКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык маданий иш-чара үстүбүздөгү жылдын 12-19-сентябрь күнү болуп өттү. Россиянын кинотаануучулары менен сынчыларынын башын бириктирген бул фестивалга АКШ, Чехия, Кытай, Германия жана башка бир катар мамлекеттердин тасмалары катышты.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Оренбург шаарында "Чыгыш & Батыш. Классика жана Авангард" эл аралык кинофестивалында режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Такси жана телефон" аттуу тасмасы "Россиянын кинотаануучулар жана сынчылар гильдиясынын" байгесине татыганын "SEA" студиясынын директору Сүйүм Сулайманова билдирди. 

Маалыматка ылайык, эл аралык маданий иш-чара үстүбүздөгү жылдын 12-19-сентябрында болуп өттү. 

Фестивалга АКШ, Чехия, Кытай, Россия, Германия, Норвегия, Ирландия, Швеция, Кения, Иран, Кыргызстан жана башка бир катар мамлекеттердин тасмалары катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0