"Сүтактын" режиссеру: атам мени куттуктаганда, Оскарды алгандай болдум

© предоставлено Алтынай КойчумановаТасманын автору Мирлан Абдыкалыков. Архив
Тасманын автору Мирлан Абдыкалыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" аттуу тасмасы Анапа шаарында өткөн Россиянын "Киношок — 2015" эл аралык фестивалында баш байгени алып, Польша, Украина жана башка өлкөлөрдүн фильмдерин артка калтырды.

Тасманын автору Мирлан Абдыкалыков чыгарма кантип жаралганы, башкы ролдорго актерлорду издөө жана башкы сыйлык жөнүндө Sputnik агенттигине айтып берди.

— Мирлан, сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз. "Киношокто" жеңишиңиз кандай сезимдерди тартуулады?

Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтагы" Анападагы "Киношокто" баш байгени жеңип алды
— Чоң рахмат, мен дагы эле аябай "киношоктомун" (күлүп), албетте бул мага өтө чоң таасир берди. Менин тасмам Анапада эң мыкты болгонун дагы эле толук баамдай элекмин. Мен азыр Ысык-Көлдө фильм тартып жүрөм, ошон үчүн Анапага бара алган жокмун. Биринчи болуп фильмди койгон сүрөтчү чалыптыр, бирок мен укпай калыптырмын. Анан кайра өзүм чалсам, жаңылыкты айтып кубандырды. 

— КРде фильмдин бет ачары жакында эле болуп өткөн. "Сүтакты" дагы кайсы жерде көрсөтүүгө үлгүрдүңүздөр?

— Дүйнөлүк бет ачары Чехияда Карловы Вары эл аралык фестивалында болгон. Ал жерде тасма европалык жана жер ортолук деңиздик сынчылар ассоциациясы ыйгаруучу Fedeora Award сыйлыгын алган. Биз Казакстанда өтө турган Евразиялык сынакка, Котбуста өтүүчү конкурстун "Чыгыш-Батыш" багыты боюнча жана Мумбайдагы (Индия) сынакка катышууга ниеттенип жатабыз. Мындан тышкары, Гонконгдо ыйгарыла турган азиялык Оскарга да коюлган.

— Кинотасманын сценарийи тууралуу ой кайдан келди?

— "Көчмөнчүлүктүн" тарыхы жөнүндө режиссерлор Эрнест Абдыжапаров менен Актан Арым Кубат (Мирлан Абдыкалыковдун атасы) көптөн бери ойлонуп, бул сценарийди эмне кыларын билбей жүрүшкөн. Мен жаштарга жол берүүнү талап кылып, аны койгонго кириштим. Тасманы тартканга 24 күн кетти. "Айтыш фильмдин" продюсери Садык Шер-Ниязга жана өзүмдүн жубайым Алтынай Койчумановага чексиз ыраазымын. 

— Тасма канчалык жеңил тартылды? Актерлорду кантип тандадыңар?

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык кинофестивалга барган "Такси жана телефон" атайы байгеге татыды
— Башкы каарман жылкычынын ролуна өзүмдүн чоң атамды тартсамбы дегем, бирок анын ден соолугу мүмкүндүк берген жок. Башкы каармандын аты аны ойной турган актерду тапканга жардам берди. Табылды Актанов өз ролун мыкты аткарды. Аны тасмага чакырууну атам кеңеш кылган эле. Башкы каармандын небереси Умсунайдын ролу да кыйынга турду. Аны акыры Жибек Бактыбекова аттуу акылдуу жана чыйрак кыз ойноду. 

— Анападан баш сыйлык — жүзүмдүн алтын сабагын жакындарыңыз менен туугандарыңыз кандай кабыл алды?

— Түндөн бери толгон-токой чалуулар менен билдирүүлөрдү алдым. Бирок эң чоң белек атамдын жылмаюусу жана кол кысканы болду. Ал ичтеги сезимин сыртына чыгарбаган токтоо адам, бирок анын бул ишараты баарын айтып турду. Мен Оскарды алгандай эле бактылуумун.

— "Сүтакты" карапайым кишилер кантип көрө алат?

— Оңой эле, киного барсаңар болду. Азыр "Сүтак" биздин кинотеатрларда жүрүп жатат. Жеңиш жөнүндө маалымат кыргыз киносу менен таанышкысы келгендердин санын көбөйтөт деген үмүттөмүн. Биздин сыймыктанарыбыз бар да.

— Азыр кайсы иш менен алектенип жатасыз?

— Атамдын "Кентавр" деген жумушчу ат менен тартылып жаткан тасмасында экинчи режиссер болуп иштеп жатам. Бул менин чыгармачыл тыныгуум. Толук метраждуу тасмам ийгиликтүү болгонуна бактылуумун.

Жаңылыктар түрмөгү
0