Кыргызстандык "Он үчүнчү" тасмасы Түркиядагы фестивалда баш байгени алды

© flickr.com / Prashant RamТүркиядагы Сафранболу шаары. Архив
Түркиядагы Сафранболу шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык кинофестиваль Түркиянын Сафранболу шаарында 9-октябрда башталган. Эки күн аралыгында калыстар тобу 27 мамлекеттен келген 54 даректүү тасманы баалап, мыктысын аныктады.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Тынай Ибрагимовдун "Он үчүнчү" даректүү тасмасы Түркияда өткөн эл аралык "Алтын шафран" кинофестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирет. 

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада өткөн фестивалда "Меккеге карай жол" мыкты тасма болду
Маалыматка ылайык, ири маданий иш-чара үстүбүздөгү жылдын 9-11-октябрь күндөрү Сафранболу шаарында болгон. Быйыл 16-ирет өткөн фестивалда 27 мамлекеттен келген 54 тасма ат салышты.

Көптөгөн ат чабыштарга катышкан күлүктүн ээси 15 жаштагы Ардак аттуу баланын таржымалын баяндаган кыргыз тасмасы Россиянын бир катар шаарларында, Венгрия жана башка өлкөлөрдө өткөн эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарды ээлеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0