Лос-Анжелес шаары. Архив

Лос-Анжелесте кыргызстандык режиссер негиздеген эл аралык кинофестиваль өтөт

40
(жаңыланган 18:29 15.10.2015)
Кыргызстандын кинематографисттер бирикмесинин төрагасы Садык Шер-Нияз тарабынан Asian World Film Festival "Айтыш" коомдук фондунун колдоосу менен өтөт. Ага 50 өлкөнүн тасмалары катышат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. АКШнын Лос-Анжелис шаарында коомдук ишмер, Кыргызстандын кинематографисттер бирикмесинин төрагасы Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген Asian World Film Festival аттуу эл аралык кинофестиваль өтө турганын Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында башталып 2-ноябрга чейин улана турган иш-чарада режиссер Далмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы көрсөтүлөт. 

"Садык Шер-Нияз өткөн жылы "Курманжан датка" тасмасын тартуулоо максатында Америкада жүргөн кезинде негиздеп, иш алып бара турган топ түзүп келген", — деп айтылат билдирүүдө.

"Asian World Film Festival Азия мамлекеттеринин тасмаларын дүйнө коомчулугунун сынына коюу менен аймактагы кинематографисттердин ишмердүүлүгүнө көңүл бурдуруу жана Азия менен Голливуд киноиндустрияларынын байланышын бекемдөөгө багытталат.

"Айтыш" коомдук фондуунун колдоосу менен өтүүчү фестивалга Түркиядан Японияга чейинки жана Россиядан Индияга чейинки 50 өлкөнүн тасмаларынын катышуусу күтүлүүдө.

40
Белгилер:
тасма, фестиваль, кино, Айтыш фильм, Голливуд, Борбордук Азия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Сүтак" Казакстандагы "Евразия" эл аралык кинофестивалынын баш байгесин багындырды
Москвада өткөн фестивалда "Меккеге карай жол" мыкты тасма болду
Кыргызстандык актёр Болот Тентимишов. Архив

Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты

866
(жаңыланган 09:38 23.06.2021)
Бүгүн белгилүү актёр Болот Тентимишовдун туулган күнү. Жаштыгын, өмүрүн театр менен киного байлаган талант 50 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 28 жылдан бери сахнада жүргөн инсандын чыгармачылыгы менен жеке жашоосундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Элеттен Ленинградга кетип. Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы аскер адамы болсо, энеси айыл чарба тармагында эмгектенген. Бала кезинен эле актёрлукка жакын өспүрүмгө ата-энеси колдоо көрсөтүп турган. Ошондуктан айылдагы мектепти аяктагандан кийин Ленинграддагы Николай Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырган.

Известный кыргызский актер Болот Тентимишов на сцене театра
© Фото / Русский театр драмы имени Чингиза Айтматова
Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген.

Күндүз жоокер, кечкисин актёр. Бирок орто жолдо түрдүү себептерден улам окуусун токтотуп Томск шаарына аскерге кеткен. Ал жактан да чыгармачылыктан алыстай албай күндүз жоокер болуп, кечкисин театрга барып иштеп жүргөн. Кызмат өтөп бүткөн соң Советтер Союзу тарап кетип, окуусун Бишкектен улантууга мажбур болгон.

Известный кыргызский актер Болот Тентимишов на сцене театра
© Фото / Русский театр драмы имени Чингиза Айтматова
КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон.

Театрга байланган жаштык, сүйүү. Эмгек жолун 1993-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында баштап, 22 жаштагы артист кесипкөй режиссёр, артисттер менен иштешип, бир топ тажрыйба топтогон. Ал жерде 1997-жылга чейин иштеген. Кийин КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон. Так ошол маданий жайдан өзүнүн болочоктогу жубайы, Щепкин атындагы жогорку театралдык учи́лищесинин бүтүрүүчүсүн жолуктуруп бактысын тапкан.

Актер Болот Тентимышов во время съемок фильма Ата
© Фото / Чолпонбек Маматов
Эмгек жолун 1993-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында баштап, 22 жаштагы артист кесипкөй режиссёр, артисттер менен иштешип, бир топ тажрыйба топтогон

Театр жана кино актёру. Актёр 2009-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында эмгектенип келет. КРдин эмгек сиңирген артисти "Ромео жана Жульеттада" Тибальт , Меркуционун, "Отеллодо" Отеллонун, "Манас жөнүндө баянда" Алманбеттин, "Король Лирде" Герцог Албанский, шут, Кент, "Ак бешиктин тилегинде" Орозкул сыяктуу ондогон образдарды жаратып, 28 жылдан бери театрда. Бул убакыт аралыгында Дания, Украина, Башкыртстандагы фестивалдарга катышып, Түркия, Россия, Румыния, Германия, Колумбия, Иран, Казакстандагы сахналарда ойногон. Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты бир нече жылдан бери өзүн кинематографияда сынап келет. Актёр "Аталардын керээзи", "Аврора", "Ата", "Кудалар", "Кентавр", "Ээнсиреген үй", "Эки баатыр" фильмдеринде роль жаратып таанылган.

Известный кыргызский актер Болот Тентимишов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн белгилүү актёр Болот Тентимишовдун туулган күнү. Жаштыгын, өмүрүн театр менен киного байлаган талант 50 жашка толду

Тамада, окутуучу... Актёр буга чейин жакшылыктарды алып барып тамада болгон жайы да бар. Андан сырткары, жаштарга жол көрсөтүп устат болуп, эл арасындагы таланттарды актёрлук өнөргө таптап, кесиптештери менен "Жаш ысымдар" фестивалын уюштурган.

Үч баланын атасы. Болот Тентимишовдун келинчеги Сайрагүл Эсенбаева актриса, экөө тең көп жылдан бери театрда иштеп келет. Жубайлар учурда үч баланын ата-энеси.

866
Белгилер:
факты, Болот Тентимишов, актер, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Тема боюнча
Курсташына 18 жашында үйлөнгөн. Актёр Азиз Мурадиллаев тууралуу 6 факты
Вагондон жүк түшүрүп бүлөсүн баккан Миңжылкыев. Опера ырчысы тууралуу 8 факты
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев

Чокиев: согуш убагында жылына бирден операнын премьерасы болуп турган

38
(жаңыланган 17:43 21.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев учурда коомдо чыгармачыл союздарды каржылоого алган меценаттык жолго коюлбаганын белгиледи.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жылына бирден операнын премьерасы болуп турган. Бул тууралуу Турдубек Чокиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Чокиев: согуш убагында жылына бирден операнын премьерасы болуп турган

Анын айтымында, соңку 30 жылда опера жана балет театрында бир дагы премьера коюла элек.

"Эгемендүүлүк алгандан бери чыгармачыл союздар кароосуз калды. Колдоо маселеси көтөрүлсө каражат жетишсиздигин жүйө кылышат. Анткен менен эки кабат үйдө жашап, кымбат унааларды айдап жүрүшөт. Маселен, опера жана балет теарында эгемендүүлүк алган жылдары бир дагы опера коюлган жок. Мурдагы эле "Айчүрөк", "Чолпон", эски репертуар менен келе жатат. 1941-жылы 7-ноябрда "Анар" деген кыргыздын алгачкы балети, 1942-жылы 6-октябрда "Көл боюнда" деген опера коюлган. 1943-жылы "Көкүл" операсы, 1944-жылы "Чолпон" деген балет коюлган. Мындайча айтканда, согуш жылдары жылына бирден премьера болуп турган. Мындан тышкары, дүйнөлүк классикалык чыгармалар кыргызчаланып, тартууланган. Согуш бүткөндөн кийин учурдагы опера жана балет театры үчүн "Токтогул", "Манас" жазылган. Азыр тынчтык заманда жашап жатабыз. Бирок искусствого, адабиятка каражат бөлүнбөй келет", — деди Чокиев.

Ошондой эле ал искусство, адабият аркылуу идеологияны калыбына келтирүүгө боло турганын кошумчалады.

38
Белгилер:
композитор, идеология, искусство, Турдубек Чокиев
Тема боюнча
Оркестр коллективдери арасында республикалык кароо-сынак жарыяланды
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин: Россия өзүнүн жана коңшулардын коопсуздугу үчүн баарына даяр

0
Владимир Путин Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Россия өз элинин коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

"Кечээ өлкө тарыхындагы эң өкүттүү даталардын бирин белгиледик. Туура 80 жыл мурда фашисттик Германия биздин мамлекетке кол салган. Бул окуя бизге чоң сабак болгон. Андыктан Россия өз элинин коопсуздугу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Куралдарыбызды күчтөндүрөбүз, дипломатия жолу менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кызыкдар тараптар менен диалогго барабыз", — деди Путин.

Ошол эле учурда президент Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин айтты.

"Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабайт. Дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечишүүгө салым кошкубуз келет. Россия жаратмандыкты колдойт", — деди РФ лидери.

Мындан тышкары, Путин Россия коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин эч качан унутпасын белгиледи.

"Коңшулар менен ажырагыс тарыхый жана маданий байланышыбыз бар. Биз алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигибизди унутпайбыз. Биздин жалпы континентибиздеги тынч жашоо жана ачык асман үчүн аймактык чыр-чатактарды басаңдатууга салым кошо бермекчибиз", — деди ал.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.

0
Белгилер:
диалог, коопсуздук, регион, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү