БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бүгүн Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры кезектеги театралдык сезонун баштай турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Сезон улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Чыңгызхандын ак булуту" чыгармасынын негизинде коюлган спектакль менен ачылат. Аны түркмөн режиссеру Какаджан Аширов койгон.
Театр сезонунун ачылышына премьер-министр Темир Сариевдин келиши күтүлүүдө.
Спектакль кечки саат 18.00дө башталат.