Дизайнерлер Сокулук айылы үчүн өзгөчө логотип ойлоп табышты

© Никита Тарасенко, Михаил ЛевантовскийЖергиликтүү дизайнерлердин тобу Чүй облусундагы Сокулук районунун бейрасмий логотибин иштеп чыкты.
Жергиликтүү дизайнерлердин тобу Чүй облусундагы Сокулук районунун бейрасмий логотибин иштеп чыкты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дизайнерлер иштелип чыккан жаңы белгини сокулуктуктар жакшы кабыл алышат деген ойдо.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жергиликтүү дизайнерлердин тобу англис тилинин кыргыз тилине окшош сөздөрүн пайдалануу менен Чүй облусундагы Сокулук районунун бейрасмий логотибин иштеп чыкты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине дизайнер Никита Тарасенко билдирди.

Анын айтымында, аталган айыл үчүн бренд достордун сүйлөшүүсү учурунда англис тилиндеги сөздөр менен ойноп жатып кокусунан табылган.

"Пайда болгон ойду ишке ашыралы деп чечтик. Бул бейрасмий логотип, балким, Сокулукту туризм жаатында өнүктүрүп, чет элдик туристтерди тартууга жардам берер", — деди дизайнер.

© Никита Тарасенко, Михаил ЛевантовскийЖергиликтүү дизайнерлердин тобу англис тилинин кыргыз тилине окшош сөздөрүн пайдалануу менен Чүй облусундагы Сокулук районунун бейрасмий логотибин иштеп чыкты.
1/3
Жергиликтүү дизайнерлердин тобу англис тилинин кыргыз тилине окшош сөздөрүн пайдалануу менен Чүй облусундагы Сокулук районунун бейрасмий логотибин иштеп чыкты.
© Никита Тарасенко, Михаил ЛевантовскийДизайнер Никита Тарасенко айтымында, аталган айыл үчүн бренд достордун сүйлөшүүсү учурунда англис тилиндеги сөздөр менен ойноп жатып кокусунан табылган.
2/3
Дизайнер Никита Тарасенко айтымында, аталган айыл үчүн бренд достордун сүйлөшүүсү учурунда англис тилиндеги сөздөр менен ойноп жатып кокусунан табылган.
© Никита Тарасенко, Михаил ЛевантовскийТарасенко авторлор азырынча оригиналдуу лого жайгаштырылган кийим-кечени массалык түрдө чыгарууну ойлонуштура элек.
3/3
Тарасенко авторлор азырынча оригиналдуу лого жайгаштырылган кийим-кечени массалык түрдө чыгарууну ойлонуштура элек.
1/3
Жергиликтүү дизайнерлердин тобу англис тилинин кыргыз тилине окшош сөздөрүн пайдалануу менен Чүй облусундагы Сокулук районунун бейрасмий логотибин иштеп чыкты.
2/3
Дизайнер Никита Тарасенко айтымында, аталган айыл үчүн бренд достордун сүйлөшүүсү учурунда англис тилиндеги сөздөр менен ойноп жатып кокусунан табылган.
3/3
Тарасенко авторлор азырынча оригиналдуу лого жайгаштырылган кийим-кечени массалык түрдө чыгарууну ойлонуштура элек.

Тарасенко авторлор азырынча оригиналдуу лого жайгаштырылган кийим-кечени массалык түрдө чыгарууну ойлонуштура элек. Бирок аларды сатып алуучулар болсо кубанычта гана болушарын белгилейт.

"Биз азырынча Сокулуктун администрациясына эмгегибизди сунуштай элекпиз. Социалдык тармактар аркылуу таанышат деген үмүттөбүз", — дейт белгинин автору.

Дизайнер Кыргызстандын башка аймактары үчүн да атайын белги иштеп чыгуу иши улантылары мүмкүн экенин кошумчалады. Мындан улам, ар бир район өз логотибине ээ болуп, Кыргызстанды жалпы дүйнөгө таанытууга жардам берет деп эсептейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0