Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасынын бетачары Канн фестивалында өтүшү мүмкүн

© предоставлено Актан Арым КубатомРежиссер Актан Арым Кубат. Архив
Режиссер Актан Арым Кубат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинотаануучу учурда тасма тартылып бүтүп, ал Европадан монтаждаларын белгиледи.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасынын премьерасы Канн фестивалында өтөрү болжолдонуп жатканын белгилүү кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Анын айтымында, учурда тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын өндүрүшүндө. 

"Тасма тартылып бүтүү. Жакын арада режиссер Актан Арым Кубат аны монтаждоо үчүн Европага жөнөп кетет", — деди Төлөмүшова. 

Лос-Анжелесте кыргызстандык режиссер негиздеген эл аралык кинофестиваль өтөт
Кыргызстан, Франция, Германия жана Нидерланд мамлекеттеринин биргелешкен аракетинен жаралган тасма эл назарына эмдиги жылы тартууланат. Башкы каармандардын ролун режиссер өзү жана Таалайкан Абазова аткарган.

Төлөмүшова "Кыргызфильмде" "Мунабия" тасмасы тартылып жатканын да  кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0