Тилан: Жагып атабы? Жасай бер, ийгилик өзү эле келет

© фото предоставлена ТиланомМолодой танцор Тилан.
Молодой танцор Тилан. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта биз таңды кофе же чай ичүү менен баштасак, каарманыбыз Тилан бий менен баштайт. Баш айланткан музыка, ыңгайлуу жер болсо анда ал бийчинин орду.

Comedy Баттл телешоусунун катышуучусу Мыктыбек Мукаев. - Sputnik Кыргызстан
Мыкы Comedy Баттл телешоусунун жарым финалына чыкты
Тилан деген лакап аты менен таанылып келе жаткан жаш талант бий боюнча чет элдик бир нече сынактарга катышканга да үлгүрдү. Ал Алматыда өтүүчү "Джаз Дебют" мелдешине катышып жарым финалда утулуп калган. Чехияда өткөн дагы бир фестивалда финалга чейин чыгып, жеңилип калган. Андан сырткары Украинадагы "Танцуют все" телешоусуна да катышкан. Кийин ал жактагы баш аламандыкка байланыштуу жана каражаттын жоктугунан бара албай калган. 

Тилан Россиянын ТНТ каналындагы "Танцы" шоусуна катышып, 100 миң катышуучунун арасынан суурулуп чыгып, эң мыкты 50 бийчинин катарына кирген. 

— Тилан бул өзүңүздүн атыңызбы?

— Өзүмдүн атым Темирлан. Негизи бий таймаштарына кыска ат менен чыгыш керек. Жаттаганга да оңой болот. Ал жактагылардын бары эле өз аттары менен чыга беришпейт. Мен дагы ошентип Тилан деп чыга берип, эл деле көнүп кетти. Мындан улам, сынактарга ушул ат менен чыгайын деп чечтим.

— Бий дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңыз? Кызыгуу алгач кайдан жаралды?

— Мындан жети жыл мурун MTV каналында "Короли танцпола" деген программа бар болчу. Аны үй-бүлөбүз менен жапырт отуруп көрчүбүз, мен аларга кызыгып бийлегендерин туурап жүрдүм. Кийин мектепте бийлеп баштадым. Андан кийин профессионалдуу деңгээлге чыгайын деп атайын бий ийримдерине бардым. 

— Бизде поппинг стилинде бийлегендерден биринчи орунда Атай Өмүрзаков, экинчи Жан Воинов кийинки орунда сизди турат деп жүрүшөт. Бул орунга татыктуумун деп ойлойсузбу?

— Күчтүүмүн деп деле айта албайм ошол эле учурда жаман да эмес. Ал үчөөбүз тең поппинг бийлегенибиз менен стилибиз ар башка. Атайдыкы робот болуп кетет, Жандыкы накта анимейшин стили. Мен өзүм crazy legs стилинде жакшы бийлейм. Андыктан, мен алардыкын жакшы бийлей албайм жана алар дагы меникин мыкты аткара алышпайт.

© фото предоставлена ТиланомМолодой танцор Тилан
Молодой танцор Тилан - Sputnik Кыргызстан
Молодой танцор Тилан

— Он жылдан кийин өзүңүздү кандай элестесиз?

— Бий бул жөн эле бийлеп коюу эмес. Бий менен эмнеге бизнес кылууга болбосун. Бизге салыштырмалуу чет өлкөдө бийдин аркасы менен каражат топтогондор арбын. Америка десе эле эсибизге ырчылары түшөт эмеспи. Чет жактагылар көбүнчө шоу бизнес аркылуу таанылышат. Биздики деле буюрса, ошол тенденцияга жакындап келетат.

— Кесибиңизди да бий тармагынан тандадыңызбы?

— Жок, мен кесибим боюнча режиссермун. Бул дагы мага чыгармачылык жактан жардам берет, бийлегендерди тартам. Кээде бийлеп жүрүп деле тажайсың, башкаларды тартып, аларды үйрөтүү иштери менен алек болгондо кадимкидей эс ала түшөм. 

Жаңылыктар түрмөгү
0