"Курманжан датка" менен "Сүтак" эл аралык Котбус фестивалына катышууда

© Фото / Курманжан Датка тасмасынанКурманжан Датка тасмасынан көрүнүш. Архив
Курманжан Датка тасмасынан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы фестивалдын конкурстук программасына катышуу үчүн тандалып алынса, Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы "Улуттук хит" программасынын алкагында көрсөтүү үчүн чакырылган.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Германиянын Котбус шаарында бүгүн баштала турган Эл аралык кинофестивалдын сынагында ат салыша турганын Кинематографты өнүктүрүү фонду билдирди. 

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы Азия киносунун эл аралык фестивалында "Сүтакты" Садык Шер-Нияз тааныштырат
Маалыматка ылайык, "Сүтактан" тышкары фестивалга "Улуттук хит" программасынын алкагында Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы чакырылган. Программанын шарт-талабына ылайык, ага өз жеринде көрсөтүлүш саны жана чогулткан акчасы боюнча Голливуд блокбастерлеринен ашып түшкөн тасмалар кирет. 

Эл аралык кинофестиваль 8-ноябрга чейин уланмакчы.

Котбус Эл аралык кинофестивалы 1991-жылы негизделип, абройлуу сынактардын катарына кирет. Анда негизинен Борбордук жана Чыгыш Европанын, мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттердин тасмалары тартууланып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0