Адылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. Архив

Боромбай бийдин 235 жылдыгы белгиленет

322
Тарыхта Боромбай бий Кытай жана Россия менен дипломатиялык байланыштарды түзүүгө жетишкен мамлекеттик ишмер катары калган.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында атактуу Боромбай бийдин 235 жылдыгына арналган иш-чара өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Адылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтө турган иш-чарага Казакстандагы Эл аралык түрк академиясынын өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, тарыхчылар чакырылган. 

Боромбай Меңмурат уулу 1779-жылы туулуп 1858-жылы көз жумган. Кезегинде Текес менен Ысык-Көлдүн түндүк аймагын бийлеп, түштүк аймакты кокондуктардан бошоткон. Тарыхта Боромбай бий Кытай жана Россия мамлекеттери менен дипломатиялык байланыштарды түзүүгө жетишкен мамлекеттик ишмер катары калган.

322
Белгилер:
Тарых, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Ысык-Көл
Тема боюнча
Лейлекте Исхак Раззаковдун 105 жылдыгы белгиленди
Академик Азиз Салиевдин 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү
Маданият министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушу

Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат

59
Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Ал бир гана боордош элге эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө таасир берген инсан.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, маданият министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолуккан.

Анда тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашканы айтылат. Өз кезегинде Нурпеисов жакын арада Кыргызстанда Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачыла тургандыгын маалымдап, маданият министрине борбордун ачылыш аземин бирге уюштурууну сунуштаган.

Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Бир гана боордош элдин эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө өзгөчө таасир берген инсан 1845-жылы 10-августта туулган. Кунанбаевдин эң негизги чыгармасы — 45 философиялык ойдон жана кыска уламыштардан турган "Кара сөздөр" эмгеги.

Маданий борбор качан жана кайда ачылары тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

59
Белгилер:
маданий борбору, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын "Жөө күлүк" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт

224
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган.

Ал жылы "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында турган Болот Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кино картинасын тартып, анда кыргыз жана орус элинин бир топ актёрлору роль жараткан.

Ошол кезеңди тасмага катышып калган КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:

"Мен тасманын бир эпизодуна катышып калгам. Андан бери канча убакыт өттү, фильмде роль жараткандардын көпчүлүгү башка тармактарга өтүп кеткен. Тасма Ысык-Көл облусундагы Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылып, ишти жайында баштап кышында суукта бүткөнбүз. Оор жабдууларыбызды көтөрүп тоого чыгып, аскалардагы укмуштуудай мөңгүлөрдү көргөн элек. Сүрөттөгү Сүймөнкул байке менен кийин дагы көп иштештим. Ал кезде Чокморов оорудан оолак атак-даңкка бөлөнүп турган учуру болчу. Бою узун болгондуктан иш маалында эс алып калганда волейболду мыкты ойночу", — деди Думанаев.

Аталган тасма жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шань контрабандисттери" чыгармасынын негизинде тартылган. Ал эмгек өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын ишин, Кытайга апийим ташыган аткезчилердин турмушун чагылдырат. Кинофильмде Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Карабалтанын образын жараткан.

Көзү тирүү кезинде таланттуу режиссёр, КРдин эл артисти Болот Шамшиев Чокморов ооруп калбаганда Голливудга чейин жетмек деп айткан жайы дагы бар.

"Сүймөнкулдун өмүрү жана чыгармачылыгына көз чаптырсак, айылда туулуп-өсүп, сүрөтчү болууну эңсеп көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп кийин кинематографияга келип калды. Мындайча айтканда, ал кинодон такыр эле алыс болчу. Анын артыкчылыгы бар эле, бир нерсени үйрөнсө өтө көңүл буруп угуп, бат кабыл алчу. Бир нече фильмде мыкты образ жараткан соң өзүн жөнөкөй ролдордон көрө алган жок. Анткени ал өзүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, башка режиссёрлор менен иштешүүгө даяр болуп калган. Бир гана оору токтотуп калды, эгер анын ден соолугу чың болгондо Европаны, Голливудду багындырып, балким, Оскар сыйлыгына чейин жетмек", — деген Шамшиев.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

224
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Ажыбекованын тушоосун кескен Океев менен Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Венгрия өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө суу тазалоочу жабдыктарды берди. Сүрөт

0
Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинген. Алар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Ага ылайык, жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.

"Венгрия эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү максатында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн II даражадагы аскердик-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды тартуулады. Бул жабдыктар кайтарымсыз түрдө берилди", — деп айтылат билдирмеде.

Жабдуулар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды. Ошондой эле келечекте БУУнун тынчтык операцияларына катышуу алкагында өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

0
Белгилер:
жабдуу, Генералдык штаб, Кыргызстан, Венгрия
Тема боюнча
Кыргызстан менен Катар аскер-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө белсенди