"Азия MIX" командасы КВНдин финалына чыгуу укугун кайтадан колдон чыгарды

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүКВН оюну учурунда. Архив
КВН оюну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи конкурстун жыйынтыгы боюнча "Азия MIX" алдыга чыккан, бирок капитандардын конкурсунда үчүнчү орунга түшүп калышты.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку лигасынын финалына чыга албай калды. Бул тууралуу КВНдин расмий сайтында маалымдалды.

Ишемби күнү Москва шаарынын мэринин Кубогу ойнотулуп, анын жеңүүчүсү Жогорку лиганын финалына чыгууга жолдомо алды. Ал жолдомону алууга "Азия MIX" командасы менен чогуу дагы 5 команда беттешти. Алар: "Горизонт" (Москва), "Спарта" (Астана, Казакстан), Дагестандын курама командасы, "Саратов жана "Плохая компания" (Красноярский край, Россия).

Comedy Баттл телешоусунун катышуучусу Мыктыбек Мукаев. - Sputnik Кыргызстан
Мыкы Comedy Баттл телешоусунун жарым финалына чыкты
Командалар үч конкурска даярданган: саламдашуу, капитандардын конкурсу, музыкалык номер. 

"Саламдашуудан кийин Бишкектин командасы "Плохая компания" жана Дагестандын курама командасы калыстардын эң жогорку баасына татып, 5 упайдан алды. Бирок, "капитандардын конкурсунан" кийин үчүнчү орунга түшүп калды. Алар ошентип "Спарта" (Астана, Казакстан) менен Дагестандын курама командасына утулуп калды.

Москва шаарынын мэринин Кубогун Дагестандын курамасы утуп алып, КВНдин Жогорку лигасына катышууга жолдомо алышты. Андан сырткары "Спарта" командасы да финалга чыгуу укугуна ээ болду. 

Москва мэринин Кубогу биринчи жолу 2012-жылы Сергей Собянин менен Александр Масляковдун сунушу менен өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0