Марат Сарулунун "Көч" тасмасы дүйнөлүк мыкты тасмалардын катарына кирди

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнүн булуң-бурчунан тандап алынган 14 мыкты тасма жыл аягында Берлинде өтө турган Фестивалдардын фестивалында тартууланат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Марат Сарулунун "Көч" тасмасы 2015-жылдагы дүйнөлүк 14 мыкты тасманын катарына кирип, Берлинде өтө турган Фестивалдардын фестивалына катышуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу Кинематографты өнүктүрүү фонду билдирди.

Бабина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таллинде өтө турган эл аралык фестивалда кыргызстандык "Мунабия" тасмасы ат салышат
Маалыматка ылайык, эл аралык кинофестиваль 27-ноябрда башталып, 6-декабрга чейин уланмакчы. Анда фестивалдын дирекциясы тарабынан дүйнөнүн ар тарабынан тандалып алынган 14 фильм тартууланмакчы. 

Бүгүнкү күндөгү коомчулуктун социалдык көйгөйлөрүн чагылдырып берген "Көч" тасмасы буга чейин бир катар абройлуу эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0