Впервые близнецы в Оше посоревнуются в интеллектуальном конкурсе

Ошто студент-эгиздер акыл-эс, билим жагынан таймашат

348
(жаңыланган 10:58 17.11.2015)
Ош мамлекеттик университетинде учурда жыйырма эгиздер билим алат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ошто эгиздердин фестивалы өтөт деп билдиришти Ош мамлекеттик университетинен. 

Ал аталган жогорку окуу жайдын чоң залында 26-ноябрда өтөт. Конкурста окуу жайдын таланттуу жана активдүү студенттери ат салышат. Ректордун жардамчысы Өмүрбек Акбаралиевдин айтымында, мындай иш-чара түштүк борбордо алгачкы ирет өткөрүлүп жатат жана ага жыйырма эгиз катышат. Алар ар кыл факультеттерде билим алышат.

  • Ошто эгиздердин фестивалы өтөт деп билдиришти Ош мамлекеттик университетинен.
    Ошто эгиздердин фестивалы өтөт деп билдиришти Ош мамлекеттик университетинен.
    Рашид Максутов
  • Конкурста окуу жайдын таланттуу жана активдүү студенттери ат салышат.
    Конкурста окуу жайдын таланттуу жана активдүү студенттери ат салышат.
    Рашид Максутов
  • Алар ар кыл факультеттерде билим алышат.
    Алар ар кыл факультеттерде билим алышат.
    Рашид Максутов
  • Фестивалдын алкагында бир нече эгиздер таланттуу жаштар, ,кругозор жана мамлекеттик тилди билем деп аталган номинацияларда таймашат.
    Фестивалдын алкагында бир нече эгиздер "таланттуу жаштар", ","кругозор" жана "мамлекеттик тилди билем" деп аталган номинацияларда таймашат.
    Рашид Максутов
  • Аларга берилүүчү байгелерди ОшМУнун ректорунун фондусу даярдаган.
    Аларга берилүүчү байгелерди ОшМУнун ректорунун фондусу даярдаган.
    Рашид Максутов
1 / 5
Рашид Максутов
Ошто эгиздердин фестивалы өтөт деп билдиришти Ош мамлекеттик университетинен.

Фестивалдын алкагында бир нече эгиздер "таланттуу жаштар", ","кругозор" жана "мамлекеттик тилди билем" деп аталган номинацияларда таймашат. Аларга берилүүчү байгелерди ОшМУнун ректорунун фондусу даярдаган.

348
Белгилер:
эгиз, таймаш, Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)
Тема боюнча
Ошто студенттен пара алып жаткан факультет деканы кармалды
Эгиздер Юсуп менен Зулайка: өз жериңде жашоо кандай бакыт
Шанхайдын тургундары. Архив

Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

102
(жаңыланган 11:50 04.07.2020)
Режиссёр ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламышты кадрга түшүргөн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.

Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери өткөрүлүп келет, А категориясындагы дүйнөдөгү 15 кинофестивалдын катарында турат.

"Бул абдан чоң ийгилик, кыргыз режиссёрлорунун тасмалары А категориясындагы кинофестивалдарга акыркы ирет 2018-жылы катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын фильмдери Шанхай фестивалы түзүлгөндөн бери биринчи ирет катышып жатат", — деди Төлөбеков.

"Көл" драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

1,5 млн. долларга мыкты тасма тартышты. Токаев кыргыз киносуна суктанды

Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.

Продюсерлери Эрке Жумакматова, Садык Шер-Нияз. Со-продюсерлер Талант Төлөбеков менен Айжан Чыныбаева.

102
Белгилер:
катышуучу, фестиваль, кино, Кыргызстан
Тема боюнча
Валентина Шевченко тартылган тасма Торонто кинофестивалында көрсөтүлөт
Голливуд коронавирустун башталышы тууралуу тасма тартууга бел байлады
Ырчы Асел Кадырбекова

Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады

989
(жаңыланган 13:46 03.07.2020)
Эстрада ырчысы комадан толук түрдө чыга элек. Буга чейин дарыгерлер Аселдин мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калгандыгын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, Асел толук түрдө өзүнө келе элек.

“Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр “тилиң, мурдуң кана?” деп сураганда көрсөтүп, кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар”, — деди ал.

Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

989
Белгилер:
жол кырсык, Сабырбек Жумабеков, ырчы, кома, Асел Кадырбекова
Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы
Тема боюнча
Асел Кадырбекова дагы деле комада. Сабырбек Жумабеков кайрылуу жасады
Бишкек шаары. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:03 04.07.2020)
Түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең күндүз республика боюнча көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +22...+27 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ошто +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 градус болору маалымдалды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы