"Сүтак" Россияда өткөн "Волоколамский рубеж" фестивалында баш байгелүү болду

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тасма быйыл 12-ирет өтүп жаткан эл аралык фестивалдын негизги сынагына катышып, алдыга суурулуп чыкты.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Россияда өткөн Эл аралык "Волоколамский рубеж" аттуу аскердик-патриоттук тасмалардын сынагында баш байгеге ээ болгонун аталган фильмдин сопродюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль быйыл 12-ирет өттү. Сынак жаш муунду патриоттук демде тарбиялоону максаттайт. Уюштуруучулардын айтымында, "Сүтак" фестивалга өз жерине берилгендикти мыкты чагылдырып, мекенди даңазалаган тасма катары чакырылган.

Кыргызстандык фильмди фестивалда режиссер Абдыкалыков өзү тартуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0