"Сүтак" Египеттеги эл аралык фестивалда ат салышууда

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүКаир шаары, Египет. Архив
Каир шаары, Египет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тасмасы фестивалдын алкагында бүгүн кечинде калыстар тобунун жана элдин сынына коюлат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыков "Сүтак" тасмасын тартуулоо үчүн Египетте өтүп жаткан Эл аралык кинофестивалга жөнөп кетти. Бул тууралуу тасма продюсерлеринин бири Алтынай Койчуманова билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" Россияда өткөн "Волоколамский рубеж" фестивалында баш байгелүү болду
Маалыматка ылайык, тасма фестивалдын алкагында бүгүн кечинде калыстар тобунун жана элдин сынына коюлат. "Сүтак" эл аралык фестивалдын негизги конкурстук программасына киргизилген. 

Каир кинофестивалы 1976-жылдан бери өткөрүлүп, араб дүйнөсүндөгү алгачкы эл аралык деңгээлдеги сынак болуп саналат. Койчуманова фестиваль жана анын жүрүшү тууралуу кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0