"Күмүш Акбозат" кино фестивалынын алкагында Башкыртстанда кыргыз кино күндөрү өтөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүУфа шаары. Архив
Уфа шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан сырткары аталган кинофестивалдын байгеси үчүн Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы да ат салышат.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Башкыртстанда II Эл аралык улуттук жана этникалык "Күмүш Акбозат" кино фестивалынын алкагында кыргыз күнөсүнүн күндөрү өтөт. Ал 9-12-декабрь күндөрү Уфа шаарында өтө турганы фестивалдын расмий сайтында маалымдалат.

Аталган фестивалга калыс катары кыргызстандык кинотаануучу, КР кинематографисттер союзунун мүчөсү Гүлбара Төлөмүшова чакырылган. Бул маданий иш чаралар Евразиялык гуманитардык форумдун алкагында өтүп жатат.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" Россияда өткөн "Волоколамский рубеж" фестивалында баш байгелүү болду
Бул конкурска Россия, Армения Кыргызстан, Тажикстан, Индия, Латвия, Бангладеш, Иран, Азербайжан, Египт жана Эстония мамлекеттеринин кинематографиялык иштери катышат. 

Кыргызстандын атынан бул конкурска Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы ат салышат. Конкурстан сырткаркы программада Асель Жураеванын "Лампа" кыскаметраждуу тасмасы көрсөтүлөт.

Калыстардын чечими менен баш байге, эң мыкты сценарий, режиссердук иш, оператордук иш, мыкты каарман жана башка номинациялар боюнча сыйлыктар ыйгарылат. Андан сырткары атайын сыйлыктар да өз ээлерине тапшырылат. Алардын катарында калыстардын атайын сыйлыгы, көрүүчүлөрдүн сыйлыгы, улуттук дух үчүн Амир Абдразаков атындагы сыйлык, оператордук искусствого кошкон салымы үчүн Гильван Амиров атындагы сыйлык тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0