"Учур" театры "Улуу үркүндө" трагедиясын тартуулайт

Жазылуу
1916-жылдын кыш мезгилине туура келген улуттук-боштондук кыймылында 200 миңге жакын кыргыздар курман болуп, түндүк Кыргызстандын калкы 41,4 пайызга азайган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Үркүндүн 100 жылдыгына карата "Учур" жаштар театры "Улуу Үркүндө" аттуу трагедиясын тартуулай турганын аталган театр билдирди.

Маалыматка ылайык, чыгарма Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин калемине таандык. Спектакль 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү саат 17.30да КТРКнын студиясында өтмөкчү.

1916-жылдын кыш мезгилине туура келген улуттук-боштондук кыймылында 200 миңге жакын адам курман болуп, түндүк Кыргызстандын калкы 41,4 пайызга азайган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0