Кыргызстандагы кинофестивалдын калыстар тобун Өзбекстандын белгилүү режиссеру жетектейт

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл кыргыз жергесинде бешинчи ирет өтө турган "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык фестивалга 23 тасма катышары белгилүү болду.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган V Эл аралык "Кыргызстан — кыска метраждуу өлкөлөрдүн тасмасы" кинофестивалынын калыстар тобун Өзбекстандын белгилүү кинорежиссеру, сценарист Али Хомраев жетектей турганын "Айтыш-фильм" киностудиясы билдирди.

Кинотеатр кызматкери пленка алмаштырып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалына 10 улуттук фильм катышат
Маалыматка ылайык, фестиваль 12-декабрь күнү башталып, үч күнгө созулат. Анын эл аралык сынагында 300 талапкер тасманын ичинен КМШ, Балтика мамлекеттери менен Грузиядан келген 13 фильм жана улуттук конкурсуна 10 жергиликтүү тасма күч сынашат.

Буга чейин фестивалда тасмаларды баалоочу топтун курамына казакстандык режиссер Сергей Азимов макулдугун бергени маалымдалган

Советтик кинонун өнүгүшүнө зор салым кошкон тажрыйбалуу режиссер Али Хомраев калыстар тобунда төрагалык кылуудан тышкары бардык каалоочулар үчүн мастер-класс өткөрө турганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0