Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар акысыз көрсөтүлөт

© Александр Федоров"Ак кеме" тасмасынан сүрөт. Архив
Ак кеме тасмасынан сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети күнгө созулган иш-чара 3-декабрда саат 11.30да башталат. Ага коомдук ишмерлер, кинорежиссерлор жана чыгармачыл интеллигенциянын катышуусу күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын жумалыгы өтө турганын "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы билдирди.

"Сүтактын" режиссеру Мирлан Абдыкалыков абройлуу киноакадемиянын мүчөсү болду
Маалыматка ылайык, иш-чара 3-9-декабрь күндөрү өтүп, Болотбек Шамшиев тарткан "Ак кеме" тасмасы менен башталат. Андан кийинки күндөрү Сергей Урусевскийдин "Жоргонун жүрүшү", Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма", Андрей Михалков-Кончаловскийдин "Биринчи мугалим", Болотбек Шамшиевдин "Эрте келген турналар" жана акыркы күнү Ирина Поплавскаянын "Жамиля" тасмалары тартууланмакчы.

Жумалык 3-декабрь күнү саат 11.30да башталат. Ага коомдук ишмерлер, кинорежиссерлор жана чыгармачыл интеллигенциянын катышуусу күтүлүп жатат. Иш-чара "Кыргыз киносу" кинотеатрында өтөт. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0