"Бауырластар" менен тил кайрашкан кыргыз акындары Казакстандан байгелүү кайтышты

Жазылуу
Даңазасы алыска кеткен кыргыз акындары — Азамат Болгонбаев менен Максат Кулуев Костанай шаарында өткөн айтышка катышып, өнөрүн тартуулап, олжолуу келишти.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган эл аралык айтышта кыргыздын ак таңдай акындары Азамат Болгонбаев биринчи орунду багындырса, Максат Кулуев атайын байгеге татыды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине акындар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтыш Казакстандын Костанай шаарында жекшемби күнү өттү. Ага жалпы жонунан 10 акындын катышканы белгилүү болду.

Казак хандыгынын 550 жылдыгы расмий түрдө үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында бир катар мамлекет башчыларынын катышуусу менен Астана шаарындагы Эгемендик сарайында белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0