БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Майыптардын эл аралык күнүнө карата Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, пенсионерлерди "Сельская честь" аттуу операга келип, көңүл ачып кетүүгө чакырат.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, аталган чыгарма 5-декабрь күнү саат 17.00дө тартууланат.
Башкы партияларды эл аралык конкурстардын лауреаттары Заира Раимбекова, Саян Исин жана Медиана Байитова аткармакчы.
Кирүү акысыз.