Режиссер Нурбек Эген: бизден Айтматов, Шамшиев, Океевдер эми чыкпайт…

© Фото / кинокомпания RWSРежиссер Нурбек Эген. Архив
Режиссер Нурбек Эген. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз режиссеру Нурбек Эгендин туулган күнү. Sputnik маалымат агенттиги сүрөткер менен азыркы кыргыз киносу, коом, патриоттуулук жана анын көрөрмандарына салган чакырыгы туурасында сүйлөштү.

Режиссер Кыргызстанда тасмалардын көп тартылып жаткандыгын жакшы көрүнүш катары баалап, ушундай атаандаштыктан, убагы келгенде берметтер чыгат деген ишенимде. 

— Нурбек, туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Бүгүн сиз менен кыргыз киносунун азыркысы туурасында сөз кылсак. Кыргызстанда соңку ирет тартылган көңүлгө толгон кинотасма кайсы болду?

— Көптөн бери көрө элекмин. Акыркы жолу Актан байкенин (Актан Арым Кубат — ред.) "Свет акесин" көргөм. Анын тарткан кинолору абдан жагат. Менин оюмча, ал совет доору өткөндөн соң өз аракети менен чыгып, биздин эле элде эмес, чет жактардагы кино көрүүчүлөрдүн да купулуна толуп, сөз кыла турган чыныгы кыргыз режиссеру. Биздин көп жаш киночуларга таасирин тийгизип, өзүнчө мектеп болгон ушул киши деп ойлойм. 

© кинокомпания RWS Кинону музыкадай кабыл алса болот. Актан байкенин кинолору кыргыздын күүлөрүндөй жөнөкөй, нукура, өзүнүн обону бар чыгармалар.
Интервью с Нурбеком Эгеном - Sputnik Кыргызстан
Кинону музыкадай кабыл алса болот. Актан байкенин кинолору кыргыздын күүлөрүндөй жөнөкөй, нукура, өзүнүн обону бар чыгармалар.

Актан байке тарткан кинолору менен өзү жашап жаткан доорду чагылдырып, тасмага түшүрүп калган кыйын режиссер деп эсептейм. Кинону музыкадай кабыл алса болот. Актан байкенин кинолору кыргыздын күүлөрүндөй жөнөкөй, нукура, өзүнүн обону бар чыгармалар. 

— Убакыт жагы түшүнүктүү. Антсе да, Кыргызстанда тартылган фильмдерге көз салып турасызбы? 

Кыргыздар кино өнөрүнө жакын эл. Кеп, массалык түрдө киного болгон кызыгууда. Кино — искусство эле эмес, аны башка тил деп айтса дагы болот. Аны тартуу биринчиден, башка тилде сүйлөй алуу дегендик. Сиз кинонун тилинде канчалык эркин сүйлөсөңүз, көкүрөгүңүздөгү оюңузду айтканга ошочолук жеңил болот. Эгер кишинин төрөлгөндөн акындык, сүрөтчүлүк, өжөрдүк касиеттери жок болсо, кинорежиссерго кино тилин жатык билгендик деле жакшы кино тартуу үчүн негиз берет деп айта албайм. Кино көп тартылып жаткандыгына абдан кубанычтамын. Ушундай атаандаштыктан, убагы келгенде ошолордун ичинен жакшылары чыгат деп эсептейм.

— Ал эми сиз жеңил баа деген кинолорду машыгуу катары караш керек дейсиз, ал башкалардын табити калыптанып жатканын кантсек болот? Таасирленүү, дүйнө-таанымды кеңейтип дегендей… 

© кинокомпания RWSКиного бара жатканда да таап, тандап, анан баруу зарыл. - Көрөрмандарга мен ойлонуп, түйшөлгөндөрдү кошо ойлонолу деген чакырык жасап келем
Интервью с Нурбеком Эгеном - Sputnik Кыргызстан
Киного бара жатканда да таап, тандап, анан баруу зарыл. - Көрөрмандарга мен ойлонуп, түйшөлгөндөрдү кошо ойлонолу деген чакырык жасап келем

— Ал оңой эле. Ал — кинотеатрга барып, кассадан алган билетиңиз сиз менен киночунун ортосундагы келишим. Кино туурасында билип, маалымат алып, анан көргөнү келдиңизби же кокусунан кирдиңизби. Эгер мазмуну кандай, ким деген режиссер тартты деген кызыгуу болсо, ал бир сөз. Ал эми окуя кууп келип, көрсөңүз, ал сиздин тандоо. Бул нерсени, киночулардын жоопкерчилигине койбош керек. Бул жерде көрүүчүлөрдүн да жоопкерчилиги бар. Киного бара жатканда да таап, тандап, анан баруу зарыл. Бул инсандын өзүнө коюлган тандоо. Ал эми сүрмө топ менен барып көрсө, анда режиссер жаман кино жаратыптыр деп капа болуштун кереги жок. 

— Салмактуу, каражат көп сарпталган картиналар менен Кыргызстанда эч бир режиссер байып кете элек… Эл массалык түрдө мындай тасмаларга качан бара баштайт? 

— Менимче, кино убакыттын өзгөрүлүшүнө жараша болот. Советтер Союзу учурундагыдай айдап барыштын кереги жок, андан майнап чыкпайт. Киши өзү таап, аракет кылмайын чоң жетишкендик, өсүү болбойт. Ири алдыда адам өзүнүн калоосу, ички тандоосунун жетелөөсү менен барышы керек. Күчкө салып, адамдын оюн же заманды өзгөртөм деген абдан кыйын. Маселен, биздин учурда эми эч качан Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев чыкпайт.

— Эмнеге? 

— Себеби, биздин көңүлүбүз азыр абдан чар-жайыт. Киши менен кишинин жолугуп, чер жазып, баарлашуусу чанда жолуга турган көрүнүш болуп баратат. Кыргыздын "мээр" деген сөзү бар. Мисалы, мээр түшсө анан ал киши жакынына айланып, болгон ичтегинин баарын бөлүшүп, баарлашасыз. Күнүмдүк турмушта колдонулган техникалык каражаттар көбөйгөндөн тарта киши менен кишини баарлашуусу жоголуп барат. Ошон үчүн мурдагыларга теңеп, кыргыз керемети же дагы башкаларды издей берген туура эмес. Ал кишилер башка системада жашап, башка жашоо уюштурумунда кино жаратышкан. Ошол эле кишилер бүгүнкү күндө төрөлгөндө, менин оюмча алар деле башка кинолорду тартышмак. Ар замандын өз баатырлары чыгат. Башкалар чыгат. Маселен, Google компаниясында иштеген чоң программаларды жазган алп же Лучано Павароттидей ырчы же атактуу музыкачы чыгат. Менимче, мурдагынын дал өзүндөй болуп, эч нерсе кайталанбайт. Туу кыла турган жаңы адамдар чыгат. Ал эми Айтматовдун чыгармаларын бүгүнкү жазуучу жаза албайт. 

© кинокомпания RWSБүгүнкү күндө окуган, уккан же көргөн нерсең кыска, кабыл алганга жеңил, түшүнүктүү болбосо, элдин назарынан сыртта калат.
Интервью с Нурбеком Эгеном - Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күндө окуган, уккан же көргөн нерсең кыска, кабыл алганга жеңил, түшүнүктүү болбосо, элдин назарынан сыртта калат.

Мисалы, мен күнүгө үч сааттан ашык телефон аркылуу сүйлөшөм. Кетип баратып, отуруп алып, туруп баратып сүйлөшөм. Андан бошой калсам, интернетке кирем. Бүгүнкү күндө окуган, уккан же көргөн нерсең кыска, кабыл алганга жеңил, түшүнүктүү болбосо, элдин назарынан сыртта калат. Киши өзү менен өзү болуп, убакыт бөлүп чоң чыгарма окуп, толгонуп, өзүнүн ой-толгоосун жазып бөлүшүүдөн алыстап бара жатат. 

— Бул эмнеге алып келет?

— Менимче, бул кишинин жүзүн жоготууга алып келет. Баарынын жүзү, үнү бирдей болуп, топ-топ болгон коомго алып келет. Маселен, технологиялык жактан алдына эч кимди чыгарбаган жапондорду карасаңыз, алардын бири-бири менен сүйлөшүүсү абдан кыйын. Бардыгы технология, интернетке байланышкан. Токиодо жакында бизди алып барган киши адашып кетсеңиздер, артка кайрылып, кайра тегеренип издеп жүрбөй, түз эле полиция кызматкеринен сурап алыңыз деди. Мен адашып кетип, полициясын да таппай, көчөдө бара жаткан эки кыздан сурадым. Алар кадимки тил менен кадыресе кылып, метронун кайда экендигин түшүндүрүп бере албай, чет элдикке айта албай, Японияны уят кылып жатам деп, кызарып-татарып, тердеп-тепчип аягында ыйлап жиберди. Сүйлөшкөндөн коркуп турушат экен. Мындай кемчиликти сезгенден кийин, алар анын ар амалын жасап, кишинин кызыгуусуна жараша жолугушуп бир жерден баарлашууга шарт түзүп беришет экен. Гүлдү сүйгөндөрдүн өзүнчө, дарактарды сүйгөндөрдүн өзүнчө топторун уюштуруп, бири-бири менен баарлашууга өбөлгө түзүп жатат. Кыргызда, албетте, андай нерсе аз. Бирок, акырындык менен ошого бара жатабыз. 

Менде да ошондой көрүнүш. Маселен, мен батага (куран окутканга) барбаганыма жыйырма жылдан өтүп кетти. Телефондон эле көңүл айтам. Тойлорго барбаганыма 15 жылга чукул убакытка таяп калды… 

— Кайра эле жогорудагы темабызга кайрылсак. Бизде коомдун көйгөйлөрүн, трагедияларын көрсөткөн тасмаларга акыркы учурда чычалагандар арбын… Буга эмне дейсиз? 

— "Ээнсиреген үй" чыккандан кийин "Манас" эл аралык аэропортунан учуп калдым. Документ текшерген жерде жүргүнчүлөрдүн катарында турсам, болжол менен 20 жаштын тегерегиндеги бир бала артымдан келип, мени желкеге бир чаап, качып кетти. Качып бара жатып, "сен доллардын кулусуң" деп, азыр толук эстей албай жатам, "Ээнсиреген үйүңдү энеңе көрсөт" дедиби, айтор, дагы ушундай сөздөрдү айтты. 

© кинокомпания RWSКул качан өзүнун кул экенин түшүнуп, моюнга алгандан тарта аң-сезими өзгөрөт.
Интервью с Нурбеком Эгеном - Sputnik Кыргызстан
Кул качан өзүнун кул экенин түшүнуп, моюнга алгандан тарта аң-сезими өзгөрөт.

Кул качан өзүнүн кул экенин түшүнүп, моюнга алгандан тарта аң-сезими өзгөрөт. Ал эми кулдук аң-сезими жок киши болсо, "мен сиздин оюңузга кошулбайм" деп эки ооз сөз менен айтып коюшу мүмкүн. Кыскача айтканда, ошол эле. Ачууга алдырбай, өзүнүн оюн билдиргендер көп туура нерселерди айтышат. 

— Бир ирет "Кино көргөн киши өзүнө кандайдыр бир чакырык албаса, фильмде эмне ой айтылгандыгы туурасында ойлонбойт" деп айтыптырсыз…. Демек, ар бир тасмада ошондой чакырык таштап туруш керекпи? 

— Ооба, бул көрөрмандарга мен ойлонгон, түйшөлгөндөрдү кошо ойлонолу деген чакырык. Бул жерде провокация да бар. Эгерде, ал жок болсо, көп ойлор көмүскөдө калып калышы мүмкүн. "Ээнсиреген үй" тасмасы көп кызыгууларды жаратты. Көптөрдүн баасында, мен баатырмын, көптөрдүн оюнда кемчонтоймун. Мен көбүнчө Батышта жүргөндүктөн, жакшы кино дегендерди көп жолуктурам. Ал эми Ала-Тоого келгенде сен бизди жаман уят кылдың дегендер көп. Кеп анда эмес, кеп ата-энеси жок тарбияланып, же билимден жок, же эмгектенүү деген нерсени билбеген, бирөөнүн эмгегин барктай албаган, максаты жок калган, муундаштарымдын тагдыры туурасында көрөмандар менен сүйлөшкүм келген. Менимче, бул туурасында алдыдагы дагы көп сөз болот…

— Келечекте улуттун трагедиясын эмес, позитивдүү жагын, имиджин көтөргөн, ошол эле убакта эмоцияга толгон кинотасма тартуу оюңузда барбы?

© кинокомпания RWSКараны көрсөтпөсөңүз, актын ак экени көрүнбөйт.
Интервью с Нурбеком Эгеном - Sputnik Кыргызстан
Караны көрсөтпөсөңүз, актын ак экени көрүнбөйт.

— Бар. Акты көрсөтүш үчүн жанындагы караны да көрсөтүү керек. Караны көрсөтпөсөңүз, актын ак экени көрүнбөйт. Жакшы тилектүү кишини алып чыгыш үчүн жанында жаманды көрсөтүүгө туура келет. Кино, көркөм чыгарма, адабиятпы, музыкабы коомдогу көйгөйлүү маселелерди эч качан чече албайт. Менимче, бир чоң максатка шыктандырып, багыт бериши мүмкүн. Мисалы, орустун Леонид Гайдайынын, жакында эле каза болуп калган Эльдар Рязановдун тасмалары чоң ойду айткан кино эмес, бирок, жүрөктөгү күлкүлүү, анан, кайгылуу окуяларды, элдин ошол убактагы жашоосун көрсөткөнү үчүн элге абдан жагат. Кеп ошондо. Бул дагы абдан чоң өнөр. Мен ошондой кинолорду тарта аламбы, тарта албаймынбы… Асан кайгы деген болгон кыргызда, эски көз караш менен караганда, ошол бабалардай элдин көкүрөгүдөгү кубанычын, мунун, арманын кино тилинде ырдаган, элдик "ырчы" болсом деген тилегим бар. 

— Эмне пландарыңыз бар, кыргыз кино аянтчасында туруп тартууну ниет кылган темаларыңыз туурасында уксак? 

— Төлөгөн атабыздын "Сынган кылычын" тартууну көп ойлоном. Убакыт-сааты келсе даярданып баштайм. Бул келечекте тартыла турган тасма. Экинчи оюм, 1916-жалдагы Үркүн туурасында да тарыхый тасма жаратуу. Мен тарта турган ойлордун баары саясатка аралашып кетиши мүмкүн, ошон үчүн абайлап иш кылганга туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0