Театр гримеру: актер Далбаевдин жоготуп алган кашын, сакалдын алдынан тапканбыз

© Гүлдана ТалантбековаГример Гүлнар Суранчиева актрисанын сахнаха чыгыршы алдына даярдап жатат.
Гример Гүлнар Суранчиева актрисанын сахнаха чыгыршы алдына даярдап жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табигаттан берилген сулуулук бул жараткандын белеги. Бирок сахна образ жаратуучудан өзгөчөлүктү, көркөмдүүлүктү жана анын ички дүйнөсүнөн тышкары сырткы жүзүн дагы мыкты ачып берүүнү талап кылат.

Театр адамынын жүзүн талаптагыдай жасоо бул гримердун милдети. Биз бул чөйрөнү тереңирээк билүү максатында 40 жылдан бери кыргыз драма театрында гример болуп иштеп келе жаткан Гүлнар Суранчиева менен баарлаштык. 

Биз барган учурда Гүлнар айым кезектеги актрисаны кечки спектаклге даярдап жатыптыр. 

— Театрда иштегендер сахнага грим менен чыгары маалым. Алардын башкалардан өзгөчөлүгү кандай? 

— Сахнадагы адам көрүүчүдөн бир топ эле алыс болот. Бизде жарык берүүчү аппараттар абдан күчтүү болгондуктан, театралдык гримди катуурак жана калың жасаганга туура келет. Анткени прожекторлор бат эле жеп коет. Болбосо театралдык гриммди жакындан карасаң анча жакшы көрүнбөйт. 

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаТеатр гримеру: актер Далбаевдин жоготуп алган кашын, сакалдын алдынан тапканбыз
Гример Гүлнар Суранчиева 40 лет проработавшая в драм театре - Sputnik Кыргызстан
Театр гримеру: актер Далбаевдин жоготуп алган кашын, сакалдын алдынан тапканбыз

— 40 жылдан ашык театр адамдары менен иштешсеңиз кызыктуу окуяларга көп туш болсоңуз керек?

Театр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Учур" театры "Улуу үркүндө" трагедиясын тартуулайт
— Азыркыга чейин эсимден кетпейт. 80-жылдары биз Алматыга "Манастын уулу Семетей" спектаклин койгону бардык. Анан Сатыбалды Далбаев агайыбыз Манастын атасы Жакып хандын ролунда эле. Ал кишиге каш, сакал мурут чапталмак. Баарын даярдап коюп, чаптайын деп атсам агай "Мен чаптай берейин" деп калды. Бир убакта эле "агай кыйкырып атат" деп мага жетип келишти. Барсам бир кашын издеп жатыптыр. Аны табыш үчүн бөлмөнү үч көтөрдүк. Агай болсо мени "сен унутуп калдың" деп тилдеп атат. Мен ыйлап да жибердим. Айла жок бир кашты экиге бөлүп чаптап бердим. Ошентип спектакль деле бүттү, адаттагыдай кетүүгө камданып кейипкерлердин мурутун сакалын топтоп келатам. Агайга кезек келип, биринчи кашын, эки узун мурутун, сакалын алдым, алсам баягы кашты сакалынын астына чаптап салыптыр. Агайга айтсам бир чети күлкүсү келсе, экинчи жагынан жаман болуп эле туруп калды

— Гримерлук кесипти атайын окудуңузбу? Же театрга кызыгып жүрүп эле өздөштүрүп алдыңызбы?

— Мектеп курагында эле көркөм чыгармачылыкка аралашып, сынактарга катышып жүрдүм. Окууну аяктап өзүм төрөлүп-өскөн Балыкчы театрында иштеп калдым. Жолдошум дагы актер эле, бизди жетекчилик жактырып калып Тянь-Шань облусундагы музыкалык театрына кабыл алып, иштеп баштадык. 75-жылдары Бишкектеги кыргыз драма театрына которулдук. Көп өтпөй жолдошум менен ажырашып кеттим. Бир жылдан кийин апам каза болуп калды, андан соң балдарымды караган киши жок грим жасоого өттүм. Биздин учурда гастролго айлап, жылдап чыккандыктан актриса болуудан баш тартууга туура келди. Ал кезде Абылкасым деген жакшы, кыйын гример бар эле. Ошол кишиден көп нерсени үйрөндүм. Быйыл иштеп жатканыма 40 жыл болот. Бул жыл ичинде далай белгилүү актриса, актерлор менен иштештим, көбү менен табакташ да болдум. 

— Актриса жагын эле аркаласам болмок экен деп өкүнгөн учурларыңыз болдубу?

Театр сахнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык "Арт-Ордо" фестивалынын баш байгесин Казак театры алып кетти
— Башында келгенде көнө албай кыйналып жүрдүм. Бош убактым боло калса эле сахна артына чуркап барып ал жакта эмне болуп жатканына кызыгып жүрдүм. Бир жылдары Омар Хайямдын спектаклин койдук, мен ал учурда кошумча бийлечүмүн. Ошондо жетекчиден кыздардын ортосуна түшүп бийлейинчи десем балетмейстердин уруксаты жок болбойт деп коюшту. Үмүтүмдү үзбөй кайрадан "агай, жөн эле сынап көрбөймбү" десем агай күлүп, жок болбойт деп койду эле ошондон кийин көңүлүм биротоло калып калды. Эми өкүнбөйм ушул жумушумдан ырахат алып, нан таап келе жатам. Тек гана улуу таланттар менен сүрөткө түшүп калбаганыма өкүнөм. Элестетсеңиз, ал кезде театр алда канча барктуу болуп, эл деген ошол актер, актрисаларды бир көрүүгө зар эле. А мен болсо жанында бети-башын кармалап, чачтарын жасап жүрүп бир сүрөткө түшүп албаптырмын.

Жаңылыктар түрмөгү
0