Айтылуу ырчыга арналган "Мыскал эже" тасмасынын бет ачары өтөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл улуу инсан Мыскал Дүйшө кызынын 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатат. Анын алкагында бир катар иш чаралар өтүп, өмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма тартылды.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун уламышка айланган улуу ырчы Мыскал Өмүркановага арналган "Мыскал эже" аттуу документалдуу тасманын бет ачары өтө турганын Кинематографияны колдоо фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма залкар инсандын 100 жылдык мааракесине арналууда. Жарым сааттык тасманын бет ачар салтанаты 8-декабрь күнү саат 15.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.

Сценарийи Айбек Шамшыкеевге таандык тасма "Төлөмүш Океев" атындагы улуттук киностудияда тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0