БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Россиянын "Главная сцена" телешоусунун жарым финалына өттү. Программа ишемби күнү "Россия 1" телеканалынан көрсөтүлдү.
Примбердиев алдыңкы эң кыйын деген үч конкурсант менен күч сынашты. Алар Малика Раззакова жана Арсений Бородин. Кыргызстандык ырчы "Я любил одну милую" ырын ырдаса, атаандаштары Раззакова "Веселые ребята" тасмасындагы, ал эми Бородин "Зурбаган" аттуу чыгармаларды аткарышты.
Төрт калыстын экөө — Диана Арбенине жана Елена Ваенга Примбердиевге добуш берсе, калганы экөө Бородинди колдоду. Бир жыйынтыкка келе албаган калыстар акыркы чечимди программанын акырында айта турган болушту. Жыйынтыгында, телешоунун жарым финалына экөө тең — Кайратбек Примбердиев да, Арсений Бородин да өттү.
Эми кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев "Главная сцена" конкурсунун финалына чыгышы үчүн атаандаштары менен дагы катуу таймашуусу керек. Гала-концерт 21-декабрда Москва шаарындагы Кремль сарайында өтөт.Телешоунун калыстары Валерий Леонтьев, Михаил Боярский, Владимир Пресняков жана Диана Арбенина. Биринчи телешоунун жеңүүчүсү 24 жаштагы өзбекстандык ырчы Сардор Милано болгон. Жеңүүчүгө берилген баш байге – бүткүл Россияны кыдырып концерт берүү.
Актёрлор Марат Алышпаев жана Назым Мендебаиров роль жараткан роликтин режиссёру Руслан Акун.
Сценарий боюнча Жусуп Баласагынды хандын алдына чакырышат. Ал жерде чогулгандардын бардыгы ханга перс тилинде сүйлөп, кылыч белек кылып жаткан болот.
Баласагындын хан алдында жалтанбай туруп кыргыз тилинде сүйлөгөнү ал жердегилерге жакпайт.
Ошондо ойчул башчыга кайрылып, “Элим өз тилинде жазып, билимин өркүндөтсө дейм” деп жооп берет. Аны мындай сөздөрүнөн кийин хан башкы кеңешчиси кылып шайлап коёт.
Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.
Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат.
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган.
Ал жылы Океевдин 60 жылдыгы белгиленип, кинематографисттин жакындары, кесиптештери Опера жана балет театрына чогулган эле.
Ошол кезеңди сценарист Мар Байжиев мындайча эскерди.
"Төлөмүш менен Бексултан бир айылда чогуу окушкан, үчөөбүз тең согуштан кийинки балдарбыз. Жакиев экөөбүз филология факультетинде бирге билим алдык. Мен орус, ал кыргыз бөлүмүндө студент болчу. Кийин Океев Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинин үн режиссёр адистигин бүтүрүп келгенде мен "Кыргызфильмде" редактор болчумун. Ал жылдары бирге иштешип, кеңешип иш кылып жүрдүк. Анткени ал жылдары бизде көпчүлүк кыргыз кинолорун еврейлер, орустар тартышчу. Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиевдер жаңыдан жогорку окуу жайды бүтүп келе башташкан. Жаштар кыргыз эли кандай таланттуу, акылман эл экенин көрсөткүбүз келип бири-бирибиз менен тыгыз иштешип, ата мекендик кинематографияны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун көздөчүбүз", — деди драматург.
Байжиев чыгармачылыгында Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз" кинофильминин, Бексултан Жакиев "Мурасынын" сценарийин жазган.
1995-жылы Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.