"Сүтак" "Күмүш Акбозатта" мыкты режиссура үчүн байге алды

© Фото / предоставлено Алтынай КойчумановойРежиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасынан кадр. Архив
Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун Сүтак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч күнгө созулган эл аралык кинофестивалдын алкагында толук метраждуу, кыска метраждуу жана документалдык тасма сынагы өттү.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Уфа шаарында өткөн Улуттук жана этникалык кинонун II Эл аралык "Күмүш Акбозат" фестивалында "Мыкты режиссура" номинациясында жеңишке жетишкенин Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

"Сүтак" "Оскарга" талапкер тасмалардын ичинен ФИПРЕССИ фестивалына тандалып алынды
Маалыматка ылайык, аталган кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 9-12-декабрь күндөрү өткөн. Анын негизги сынагына Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы катышса, ШКУ мамлекеттеринин кинематографына арналган бөлүктө Далмира Тилепбергенованын "Асман алдында" жана Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" тасмасы ат салышкан. Ал эми Асел Жураеванын "Лампа" фильми конкурстан тыш тартууланды.

Фестивалдын баш байгесин россиялык режиссер Кирилл Плетневдин "Настя" аттуу тасмасы багындырды.

Ходжакули Нарлиев жетектеген калыстар тобунун курамында кыргызстандык кино тануучу, режиссер Гүлбара Төлөмүшова да болду. 

Буга чейин бир катар абройлуу кинофестивалдарда жеңишке жетишип, "Оскар" сыйлыгына "Мыкты чет элдик тасма" катары талапкер болуп жаткан "Сүтак" тасмасы адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салтты баяндайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0