Акындардын айтышында баш байгени Асылбек Маратов багындырды

© Расул УсеналиевБелгилүү жазуучу, киносценарист, котормочу, манасчы Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган айтыштагы көрүүчүлөр.
Белгилүү жазуучу, киносценарист, котормочу, манасчы Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган айтыштагы көрүүчүлөр. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган айтыштын финалдык бөлүгү Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өттү.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Белгилүү жазуучу, киносценарист, котормочу, манасчы Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган айтышта баш байгени Асылбек Маратов алды.

Таңшып ырдаган ак таңдай акындар мөөрөй талашты
Ал эми биринчи орунду Мамелбек Исраилов, экинчи орунду Абдылда Нуралиев жана үчүнчү орунга Азамат Болгонбаев ээ болду.

Баш байгеге 200 миң сом, биринчи орунга 100 миң сом, экинчи орунга 70 миң сом жана үчүнчү орунга 50 миң сом тапшырылды. Ошондой эле, төрт акынга — Болот Назаров, Кадырбек Бейшенов, Амантай Кутманалиев жана Сапарбек Зулпуевге кызыктыруучу сыйлык катары 20 миң сомдон ыйгарылды.

Жалпы жонунан айтышка Кыргызстандын жети дубанынын жана кытайлык кыргыздардан 22 акын катышкан. 

Ак таңдайлардын өнөрүн Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев баш болгон калыстар тобу баалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0