Кыска метраждуу тасмалардын эл аралык сынагында Казакстандын фильми мыкты аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековV Эл аралык "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалынын байгеси. Архив
V Эл аралык Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү кинофестивалынын байгеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында башталган эл аралык кинофестиваль КМШ, Балтика мамлекеттери жана Грузия өлкөсү катышты. Эл аралык сынакта 13 тасма ат салышса, улуттук сынакта тогуз кыргызстандык режиссердун фильмдери күч сынашты.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкекте өткөн V Эл аралык "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы жыйынтыкталды. Салтанаттуу иш-чара "Манас" кинотеатрында өтүп, ага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, кино ишмерлери катышты.

Натыйжада фестивалдын эл аралык сынагында казакстандык режиссер Дархан Тулегеновдун "Луч утренней звезды", ал эми улуттук сынагында Кымбат Адылбекованын "Таксист" фильми "Мыкты тасма" номинациясынын жеңүүчүлөрү болду. Байгени калыстар тобунун төрагасы, өзбекстандык белгилүү режиссер Али Хамраев тапшырды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония закрытия фестиваля "Кыргызстан — страна короткометражных фильмов"
Церемония закрытия фестиваля Кыргызстан — страна короткометражных фильмов - Sputnik Кыргызстан
Церемония закрытия фестиваля "Кыргызстан — страна короткометражных фильмов"

Мындан тышкары, мыкты роль жаратканы үчүн казакстандык актер атайын диплом менен да сыйланды.

"Мыкты режиссура" номинациясында эл аралык сынакта россиялык режиссер Максим Дашкиндин "Не на ту лошадь" тасмасы аталса, улуттук сынакта Азат Момуновдун "Көлөкө" фильминин режиссурасы мыкты деп табылды. Байге тапшырган калыстар тобунун мүчөлөрү Елизавета Стишова менен Виктор Прокофьев аталган тасманын Эл аралык "Киношок" фестивалына катыша турганын билдиришти.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы кинофестивалдын калыстар тобун Өзбекстандын белгилүү режиссеру жетектейт
Калыстардын атайын байгесине улуттук сынакта Асанкожо Айтикеевдин "Суу" фильми, ал эми эл аралык сынакта кыргызстандык режиссер Гузель Дүйшөнбекованын "Аруулук балдары" жана тажикстандык Мурод Туйчиевдин "Капля" тасмалары татыганы маалым болду. Байгени белгилүү драматург, прозачы Талип Ибрагимов, Казакстандын маданият ишмери, калыстар тобунун мүчөсү Сергей Азимов жана кинорежиссер Геннадий Базаров тапшырды.

Ал эми "Көрөрмандардын тандоосуна" номинациясында улуттук сынакта Хайрулла Рахматулла уулунун "Каникулы" тасмасы жана эл аралык сынакта кыргызстандык режиссер Гузель Дүйшөнкулованын "Аруулук балдары" тасмасы татыды. Байгени белгилүү режиссер Садык Шер-Нияз тапшырды.

Кийинчерээк кошулган "Мыкты үн режиссурасы" номинациясынын улуттук сынагында жеңүүчү аталган "Таксист" фильминин үн режисееру Калыбек Шерниязовго атайын диплом тапшырылды.

Бешинчи ирет өткөн эл аралык кинофестиваль жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып, үч күнгө созулду. Анын алкагында эл аралык жана улуттук сынак жүрүп, жалпы жонунан 22 тасма катышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0