Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевдин 80 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Архив
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгармачыл кече опера жана балет театрында өтүп, ага бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция жана күйөрмандардын келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз Эл жазуучусу, публицист, драматург Мар Байжиевдин чыгармачыл кечеси өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо сунушталууда
Маалыматка ылайык, жазуучунун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 17.00дө башталат. 

Салтанаттуу кечеге бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция жана күйөрмандардын келиши күтүлүүдө.

Мар Байжиев 1935-жылы Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз киносунун башатында турган Байжиев көркөм тасмалар боюнча алгачкы редактор болгон. Анын сценарийлеринин негизинде тартылган фильмдер көптөгөн фестиваль-сынактарда байгелүү орундарды ээлеп келген. Байжиевдин пьесалары дүйнөнүн булуң-бурчунун сахналарында коюлуп, театр күйөрмандарынын сүймөнчүгүнө айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0