Жийдеш Идирисова эл аралык "Turkvizyon" конкурсунда атаандаштарын ат чабым артта калтырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова. Архив
Кыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык конкурс Түркиянын Стамбул шаарында өттү.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова Стамбул шаарында өткөн эл аралык "Turkvizyon" ыр конкурсунда атаандаштыран ат чабым артта калтырып, биринчи орунду алды.

We did it! We are #1!Биз биринчибиз! Жийдеш азамат!

Опубликовано Тынчтыкбеком Кубатбековым 19 декабря 2015 г.

Микрофон. - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев "Главная сценада" финалга чыкты
Белгилей кетсек, аталган конкурска Кыргызстандын атынан быйыл Жийдеш Идирисова катышкан. Ал атайын калыстар тарабынан тандалып алынган. Идирисова конкурста "Ким билет?" аттуу ырын ырдады.

Жийдеш Идирисова калыстардын эң максималдуу болгон бааларына татып, 194 упай менен биринчиликти камсыз калды. Анын атаандаштары ат чабым артта калды. Экинчи орунду 185 упай Казакстандан катышкан ырчы алса, Түркиянын өкүлү 175 упай топтой алды. Ыр конкурсу түз эфирде көрсөтүлдү.

Былтыр эл аралык "Turkvizyon" конкурсуна Кыргызстандын атынан Non Stop тобу катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0