Кувейтте Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүДевушки в национальных костюмах. Архивное фото
Девушки в национальных костюмах. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Кувейттеги толук ыйгарымдуу элчиси Шарипов маалымат жана жаштар министри Салман Сабах Аль-Салем Аль-Хамуд Аль-Сабах менен жолугуп, эки тараптуу мамилелерди талкуулады.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кийинки жылы Кувейтте Кыргызстандын маданият күндөрү өтө турганы элчи Жусупбек Шарипов менен аталган мамлекеттин маалымат жана жаштар министри Салман Сабах Аль-Салем Аль-Хамуд Аль-Сабах менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду. 

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Кувейтке болгон иш сапарынын жемиштүү болгонун белгилеп, анын жыйынтыгы кыргыз-кувейт мамилелерин дагы бир тепкичке жогорулата турганын айтышты.

Мындан тышкары, элчи менен министр 2016-жылы Кувейтте Кыргызстандын жана кыргыз жергесинде Кувейттин маданият күндөрүн өткөрүүнү макулдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0