Бангладеште өтө турган эл аралык кинофестивалга 4 кыргызстандык тасма тандалды

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Сүтак", "Асман алдында", "Топурак" жана "Таксист" тасмалары бир катар эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келген.

БИШКЕК, 7-янв. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-22-январь күндөрү Бангладеште өтө турган Дакка эл аралык кинофестивалына кыргызстандык төрт тасма катыша турганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Бабена для киноленты. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
"Сейде" Американы багынтууга жөнөйт
Маалыматка ылайык, аталган фестивалга Азия жана Австралиянын 60 мамлекетинен 170 тасманын катышуусу күтүлүүдө. 

Кыргызстандан сынакка Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак", Далмира Тилепбергенованын "Асман алдында", Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" жана Кымбат Адылбекованын "Таксист" тасмалары катышмакчы.

"Сүтак" фестивалдын негизги сынагында ат салышса, калган үч тасма аял режиссерлордун колунан чыккан фильмдер менен күч сынашат. 

Быйыл аталган фестиваль 14-ирет өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0