Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Индияга сапар алды

© flickr.com / Skye VidurВид на город Мумбаи. Архивное фото
Вид на город Мумбаи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фильмдин эл аралык премьерасы август айында Канаданын Монреаль шаарында өтүп, ал толук метраждуу дебют картина номинациясында атайын сыйлыкка татыган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кинорежиссер Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Бангалуру (Индия) шаарындагы азиялык фильмдердин Эл аралык VIII кинофестивалынын конкурстук программасына киргизилди. Бул туурасында "Айтыш фильм" студиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

VIII кинофестиваль быйылкы жылдын 28-январдан 4-февралга чейин өтүп, конкурска Азиянын 12 өлкөсүнүн картиналары катышат.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бангладеште өтө турган эл аралык кинофестивалга 4 кыргызстандык тасма тандалды
Аталган шаарды өткөн былтыркы киномайрамда 45 өлкөнүн 175тен ашуун тасмалары көрсөтүлгөн.

Тасманын эл аралык премьерасы август айында Канаданын Монреаль шаарында өтүп, толук метраждуу дебют картинасы номинациясында атайын сыйлыкка татыган.

Сүйүү, жоготуу, ишеним тууралуу бул тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында кинематография департаментинин колдоосу менен бир жыл аралыгында тартылган. Жалпы бюджети 6,5 миллион сом. 

Башкы ролдорду Жамал Сейдакматова, Таалайкан Абазова, Анвар Осмоналиев, Нуржигит Канаев, Мунара Дооронбекова, Асан Амановдор ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0