Сауд Аравиясында Кыргызстандын маданият күндөрү качан өтөөрү аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз улуттук кийимдерин кийген кыздар. Архив
Кыргыз улуттук кийимдерин кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов Сауд Аравиянын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолукту.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Сауд Аравиясында Кыргызстандын маданият күндөрүн 2016-жылдын 22-28-октябрь күндөрү өткөрүү пландалып жатканын минисрликтин маалымат кызматы билдирди. Бул тууралуу КР маалымат, маданият жана туризм министри Алтынбек Максутовдун Сауд Аравиянын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карай 10 кадам
Министр менен элчи маданият тармагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты. Анын ичинде Кыргызстандын маданият күндөрүн Сауд Аравиясында өткөрүү да каралды. Ага ылайык, КРдин маданият күндөрүн 22-28-октябрда өткөрүү пландалууда.

Максутов элчини экинчи жолу өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча кабардар кылып, Сауд Аравиясынын маданият ишмерлерин аталган эл аралык фестивалга чакырды.

Элчи өз кезегинде Бишкекте жана Эр-Риядда сүрөтчүлөрдүн түрдүү көргөзмөлөрүн өткөрүп, маданият жаатында кызматташууну белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0