Актерлер спектакль учурунда.

Султан Раевдин "Барсбек" спектакли Оштогу өзбек театрында коюлду

56
"Барсбек" спектакли Кыргызстандын атынан Түркияда өтө турчу эл аралык фестивалга катышат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бабур атындагы Ош мамлекеттик драма театрында Султан Раевдин "Барсбек" спектаклинин бет ачары болду. Бул тууралуу театрдын директору Набижан Мамажанов билдирди.

  • Бабур атындагы Ош мамлекеттик драма театрында Султан Раевдин Барсбек спектаклинин бет ачары болду
    Бабур атындагы Ош мамлекеттик драма театрында Султан Раевдин "Барсбек" спектаклинин бет ачары болду
    © Sputnik / Айша Камилова
  • Спектаклдин автору жана койгон режиссеру мурдагы маданият министри, жазуучу жана драматург Султан Раев болду
    Спектаклдин автору жана койгон режиссеру мурдагы маданият министри, жазуучу жана драматург Султан Раев болду
    © Sputnik / Айша Камилова
  • Тарыхый Барсбек спектакли түрк тилдүү мамлекеттердин апрель айында боло турчу IХ фестивалында көрсөтүлөт
    Тарыхый "Барсбек" спектакли түрк тилдүү мамлекеттердин апрель айында боло турчу IХ фестивалында көрсөтүлөт
    © Sputnik / Айша Камилова
  • Аталган фестиваль Түркиянын Конья шаарында өтөт.
    Аталган фестиваль Түркиянын Конья шаарында өтөт.
    © Sputnik / Айша Камилова
1 / 4
© Sputnik / Айша Камилова
Бабур атындагы Ош мамлекеттик драма театрында Султан Раевдин "Барсбек" спектаклинин бет ачары болду

Анын айтымында, спектаклдин автору жана койгон режиссеру мурдагы маданият министри, жазуучу жана драматург Султан Раев болду.

"Спектакль тарыхый фактылардын негизинде коюлган", — деди Мамажанов.

Тарыхый "Барсбек" спектакли түрк тилдүү мамлекеттердин апрель айында боло турчу IХ фестивалында көрсөтүлөт. Аталган фестиваль Түркиянын Конья шаарында өтөт.

56
Белгилер:
театр, Барсбек каган, Султан Раев
Тема боюнча
Көрөрмандарды тартуу үчүн театрлар арасында таймаш долбоору даярдалууда
Манас эпосу. Архив

"Манас" эпосунун казак тилиндеги жаңы котормосу чыкты. Өзгөчөлүгү

96
(жаңыланган 22:44 24.09.2020)
Автор буга чейин Казакстанда басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешерин жана балдарга анча түшүнүксүз экенин айткан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Белгилүү манасчы Баянгали Алимжанов "Манас" эпосунун казакча котормосунун жаңы версиясын тартуулады. Бул тууралуу "Казинформ" жазды.

Ага ылайык, 40 жылдан бери манас айтып келген Алимжановдо эпосту өз версиясында которуу идеясы былтыр жаралган.

Анын айтымында, казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун жетекчилиги алдында басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешет жана балдарга анча түшүнүксүз.

Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

Алимжанов 100 миң сапты түшүнүү окурманга оңой эмес экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстанда балдар үчүн "Манастын" бир томдугу чыкканын айта кеткен.

"Мен "Манасты" 67 күндүн ичинде толугу менен которуп бүттүм. Китептин өзгөчөлүгү — эпостун эң күчтүү, көркөм, поэтикалык үзүндүлөрү Манастын рухун чагылдырган прозада баяндалган. Эпосту кыскача, келечек муундарга түшүнүктүү тилде бергим келди. Манасты ар бир манасчы өзүнчө айтат. Эпостун сюжети бирдей болгону менен түрдүүчө берилет", — деген Алимжанов.

Китептин бет ачары Нур-Султандагы "Достук" үйүндө өткөн.

96
Белгилер:
котормо, Манас эпосу, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

137
(жаңыланган 15:02 24.09.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Туңгуч жеке театрынын чыгармачыл тобунун сүрөтү 1990-жылы Бишкек шаарында. Архив
© Sputnik / Александр Федоров.

Өлкө аймагында алгачкылардан болуп ачылган "Туңгуч" жеке театрынын чыгармачыл тобунун сүрөтү 1990-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Биринчи катарда турган КРдин эмгек сиңирген артистери Мурат Мамбетов менен Асылбек Өзүбеков, экинчи катарда Тынара Абдразаева, Эгемберди Чалабаев, Жаркын Балыкбаева, Каныбек Бекбатыров, үчүнчү катарда Момун Койсойбосов, Кыргыз Республикасынын эл артисти Мукамбет Токтобаев жана анын байбичеси Жандат Жаманбаева, төртүнчү катарда актер Тилек Жумагазиев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова отурат.

Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

Ал жылы борбор калаада жаңы театр ачылып, маданият кызматкерлери республиканын аймактарына спектакль, концерт коюп чыга баштаган.

Ошол учурду театр жана кино актеру Мурат Мамбетов мындайча эскерет:

"Кыргыз мамлекеттик драма театрынан бөлүнүп чыгып, санаалаштар менен "Туңгуч" деген жеке театрды ачканбыз. Көптөгөн кыйынчылыктар болгон. Биринчиден, өзүбүздүн имаратыбыз жок болгондуктан көчөдө калганбыз. Ошондо СССРдин эл артисти, Кыргызстандагы театр ишмерлер союзунун төрагасы Чолпонбек Базарбаев өзүнүн имаратын бизге берген. Экинчиден, өз алдынча, өкмөттү карап отурбаган театр болгондуктан каржы жагынан кыйналып калдык. Анан биздин чыгармачыл топ Жеңишгүл Өзүбекованын "Апамдын махабаты", "Карагыз" деген эки спектаклин, бир концерттик программасын даярдап гастролго чыга баштадык. Анын аркасы менен акча таап, 90-жылдардын башындагы кыйын учурларда үй-бүлөбүздү, бала-бакырабызды бактык. Ал жылдары колубузда кыйраткан деле техника жок болчу. Башында театрыбызга эл анча маани берген эмес, биз көк беттенип эле аракет кылып жүрдүк. Кээде гастролдо автоунаанын майына жана өзүбүздүн жатаканабызга жеткидей эле акча таап калчубуз. Бишкекке акчабыз жок эле келген учурлар болгон. Кийин кайда барбайлы, спектакль, концерттерибиз аншлаг менен өтүп жүрдү. Бир жолу Ош шаарында эле 13 күн катары менен концерт койдук, күн сайын эл толуп калчу. Ал эми айылдарга барганга убактыбыз жок болуп калган", — деди Мамбетов.

"Мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы". "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Ошондой эле КРдин эмгек сиңирген артисти театр экономикалык жактан кыйналып, мөгдүрөп калган элдин духун көтөрүүгө салым кошконун айтат.

"Ошол кезде эл эмне кыларын билбей кыйналып, кражалып турган. Өкмөт дагы өзүнүн бутуна оңгулуктуу тура элек эле. Кайгыга, толгон-токой маселеге чөмүлгөн эл биздин концертти көрүп жыргап кетчү. Ал жылдары каржынын жоктугунан улам гостролго чыккан артисттер деле аз болчу. Көпчүлүгү акчанын тартыштыгынан эл аралай албай калган. Биздин артисттер ал эмгектин, талаалап жүргөн учурдун жыйынтыгын, жемишин көп жылдан соң көрүштү", — деп кошумчалады Мамбетов.

"Жылаңач" эпизодго Москвадан кыз алдырып... Асел Эшимбекованын таберик сүрөтү

Эске сала кетсек, "Туңгуч" театрын белгилүү актриса, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова ачкан. Аталган жаштар театры учурда өлкө ичинде гана эмес, чет мамлекеттерге дагы өз өнөрүн тартуулап келет.

137
Белгилер:
таберик сүрөт, артисттер, Жамал Сейдакматова, Мурат Мамбетов, "Туңгуч" театры, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт
"Жылаңач" эпизодго Москвадан кыз алдырып... Асел Эшимбекованын таберик сүрөтү
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

0
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

0
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды