"Суфлер" спектакли Лондондогу эл аралык фестивалга чакыруу алды

© Фото / предоставлено ТЮЗ им. Б.КыдыкеевойКыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин "Суфлер" спектаклинде артисттер. Архив
Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин Суфлер спектаклинде артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спектаклдин автору Султан Раев кыргыз театры биринчи жолу дүйнө боюнча атактуу фестивалга катышып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раев өзүнүн калеминен жаралган "Суфлер" спектакли Лондондо өтө турган эл аралык фестивалга чакыруу алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, спектаклге Британиянын театр ишмерлери күбө болушкан. Башкы каарманды Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова ойногон.

"Суфлер" спектаклинде бир актрисанын баяны, өксөөсү, жан дүйнөсү, чыгармачыл инсандын табияты, тагдыры, коом менен болгон мамилеси театрдын тили менен берилген. Спектаклдин өзгөчүлүгү — бир гана каармандын ойногонунда. Мындан тышкары, чыгармада ыйман, тарбия жана социалдык маселелер козголгон", — дейт чыгарманын автору.

© предоставлено ТЮЗ им. Б.КыдыкеевойКыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин "Суфлер" спектакли Лондондо өтө турган эл аралык фестивалга чакыруу алды.
Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин Суфлер спектакли Лондондо өтө турган эл аралык фестивалга чакыруу алды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин "Суфлер" спектакли Лондондо өтө турган эл аралык фестивалга чакыруу алды.
© предоставлено ТЮЗ им. Б.КыдыкеевойСпектаклге Британиянын театр ишмерлери күбө болушкан.
2/2
Спектаклге Британиянын театр ишмерлери күбө болушкан.
1/2
Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин "Суфлер" спектакли Лондондо өтө турган эл аралык фестивалга чакыруу алды.
2/2
Спектаклге Британиянын театр ишмерлери күбө болушкан.

Раев кыргыз театры биринчи жолу дүйнөдөгү атактуу фестивалга катышып жатканын баса белгиледи.

Ал эми башкы каармандын образын жараткан актриса Назира Мамбетова спектаклге кыргызстандык көрөрмандар 20-январь күнү Бакен Кадыкеева атындагы Мамлекеттик жаштар театрында күбө боло алышарын билдирди.

Лондондогу театралдык фестиваль 2016-жылдын октябрь айында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0