Өкмөт быйылкы мааракелик иш-чараларды бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековКызыл желек кармаган концерттин катышуучулары. Архив
Кызыл желек кармаган концерттин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеге алты маанилүү иш-чара кирди. Мында улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы эл аралык деңгээлдеги маараке катары белгиленди.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү 2016-жылга карата мааракелик иш-чаралардын тизмесин бекитти.

Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмесине Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, 1916-жылкы окуялардын 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кыргыз АССРинин негизделишинин 90 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин негизделишинин 80 жылдыгы киргизилди.

Кафедеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев шаан-шөкөттүү той-аштарга чек койду
Белгилүү ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө өкмөт тарабынан эл аралык маанидеги иш-чара катары аныкталды.

Өкмөт мааракелик иш-чараларга карата мамилени кайрадан карап чыгып, мамлекеттин жана эл турумушундагы маанилүү тарыхый окуяларды өткөрүүгө басым жасамакчы.

Мындан тышкары, президент 2016-жылды Тарых жана маданият жылы катары жарыялашына байланыштуу аны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн өкмөт мамлекеттик дирекция түзүп, ага кыска мөөнөт ичинде иш чаралар планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0