Бишкекте Океевге арналган көргөзмө ачылат

© Sputnik / Александр ФедоровБелгилүү режиссер Төлөмүш Океев. Архив
Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын уюштуруучулары көргөзмө президент тарабынан жарыяланган "Тарых жана маданият" жылынын алкагында өткөрүлүп жатканын белгилешти.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкекте белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин элесине арналган көргөзмө өтө турганын мэрия билдирди.

Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин Суфлер спектаклинде артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Суфлер" спектакли Лондондогу эл аралык фестивалга чакыруу алды
Маалыматка ылайык, иш-чара "Тарых жана маданият" жылына карата уюштурулууда. Көргөзмө 22-январь күнү саат 10.00дө Токтогул атындагы адабият музейинде өтүп, ага коомдук ишмерлер, режиссердун тууган-туушкандары жана кесиптештери чакырылган.

Залкар инсан, киносценарист, СССР Эл артисти Төлөмүш Океев 1935-жылы Тоң районунда жарыкка келип, 2001-жылы Түркиянын Анкара шаарында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0