Улуттук филармония 350 артист менен Алматыга концерт коет

© Sputnik / Табылды КадырбековМузыканттар концерт учурунда. Архив
Музыканттар концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы менен Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлмөкчү.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын эмгек жамааты 30-март күнү Алматы шаарында ири программадагы концерт коет. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына жана Тарых жана маданият жылына карата эки өлкөнүн маданият министрликтери тарабынан уюштурулган. 

"Концерт Мухтар Ауэзов атындагы драма театрдын залында өтөт. Учурда жаңы программа даярдалып жатат", — деди филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов.

Директор концертке 350 артисттен турган чыгармачыл топ катыша турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0