Кыргызстандын бийчилери Түркияга чакыруу алышты

© Sputnik / Табылды КадырбековБийчилер концерт учурунда. Архив
Бийчилер концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр бул абройлуу конкурска Кыргызстандын атынан "Керемет датка" бий тобу катышып келген.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстандык бийчилер үчүн Түркияда өтө турган Эл аралык элдик бий конкурсуна чакыруу келгенин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Калем. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маданият министрлиги калемгерлерге сынак жарыялады
Маалыматка ылайык, быйыл 30-ирет өтүп жаткан "Алтын Каракөз" аттуу мааракелик сынак Бурса шаарында 7-12-июль күндөрү өтмөкчү.

Шартка ылайык, конкурска бир өлкөдөн бир гана бий тобу катыша алат. Мында биринчи орун үчүн 5 миң, экинчи орунга 3 миң, үчүнчү орунга 2 миң евро сыйлык каралган. Андан тышкары, 1000 евродон берилүүчү эки атайын сыйлык бар экени маалымдалды.

Былтыр аталган конкурска Кыргызстандык атынан "Керемет датка" бий тобу катышкан. Бул жылы өтө турган сынакка арыздар 10-мартка чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0