Даккадагы кинофестивалда "Топурак" лауреат болду

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык иш-чара бир жумага созулуп, ага Кыргызстандан төрт тасма катышты.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бангладештин Дакка шаарында өткөн Эл аралык фестивалда Кыргызстандын "Топурак" тасмасы лауреат болгонун Кинематографты өнүктүрүү фонду билдирди.

Дакка шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дакка Эл аралык кинофестивалында кыргыз кинематографист кыз-келиндер тууралуу сөз болду
Үстүбүздөгү жылдын 14-22-январь күндөрү болгон фестиваль "Мыкты тасма, мыкты аудитория, мыкты коомчулук" урааны алдында өтүп, анда калыстардын беш тобу иштеди. 

Кыргызстандан аталган сынакка Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак", Далмира Тилепбергенованын "Асман алдында", Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" жана Кымбат Адылбекованын "Таксист" тасмалары катышкан. 

Фестивалдын жыйынтыгы менен негизги сынакта Ирандан келген тасма жеңишке жетишсе, Кыргызстандын "Топурак" тасмасы калыстардын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0