Бүгүн "Үркүн" тасмасын тартуу иштери башталат

© flickr.com / DRs KulturarvsprojektБабена для киноленты. Архивное фото
Бабена для киноленты. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына карата тартылууда.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргыз элинин 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына карата "Үркүн" тасмасын тартуу иштери бүгүн башталарын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Саякбай манасчы" коомдук фондунун президенти Саматбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, сценарийде бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу ошол учурдагы каатчылык чагылдырылат. 

"Бул тасманын саясатка тиешеси жок. Үркүн учурундагы кыргыздардын акыбалы баяндалат. Фильмди тартууга 17 миллион сомдон ашык каражат керектелет", — дейт Ибраев.

Маалыматка ылайык, тасма Кытайда, Ысык-Көлдүн тоолорунда жана Чүй өрөөнүндө тартылат. Тасманын башкы продюссери Мухтар Атаналиев, ал эми режиссеру Метин Учкеев болмой болду. 

Тасмага "Саякбай манасчы" коомдук фонду демөөрчүлүк кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0