Саякбай манасчы тууралуу тасманын окуясы 8 сценарийдин ичинин тандалат

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүУлуу манасчы Сакбай Каралаев. Архив
Улуу манасчы Сакбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жылдан кийин эл сынына коюла турган тасманын сценарийин атайын комиссия аныктап чыгат.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Залкар манасчы Саякбай Каралаевге арналып тартылуучу тасманын сценарий сынагына сегиз арыз келип түшкөнүн "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун жетекчиси Самат Ибраев билдирди.

Эскерте кетсек, сынак өткөн жылдын этеги менен жарыяланган. 25-январда арыздарды кабыл алуу аяктады. 

"Учурда келип түшкөн сценарийлер каралып жатат. 15-февралга чейин жыйынтыгын чыгарабыз", — деди Ибраев.

Сегиз сценарийдин мыктысын 13 адистен турган комиссия тандайт. Буга чейин фильм май айынан баштап тартылары белгилүү болгон. "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун демилгеси менен тартылчу тасмага 100 миллион сом бөлүнгөн.

Залкар манасчы тууралуу тасма 2017-жылы даяр болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0